К.И. Скрябин атындагы КУАУнун Окумуштуулар Кеңешинин отурумунда университеттин ректору, академик Нургазиев Р.З. окуу жайдын профессор-окутуучуларына сыйлыктарды тапшырды.

2023-жылдын 12-декабрында К.И. Скрябин атындагы КУАУнун Окумуштуулар Кеңешинин отурумунда университеттин ректору, академик Нургазиев Р.З.окуу жайдын профессор-окутуучуларына сыйлыктарды тапшырды. «Биология» адистиги боюнча доцент наамы диплому биология илимдеринин кандидаты М.М.Амиракуловго, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссиянын Ардак Грамотасы ветеринария илимдеринин кандидаты, доцент Е.Д. Крутскаяга, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак Грамотасы А.Дүйшеева атындагы Кыргыз ветеринария илим-изилдөө институтунун директору, биология илимдерини кандидаты Ж.Ч. Орозовго, Вирусология жана биотехнология лабораториясынын улуу илимий кызматкери, биология илимдеринин кандидаты А.И Боронбаевага, К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин Ардак Грамотасы. Менеджмент жана айыл чарба маркетинги кафедрасынын улуу окутуучусу Т.И. Сыдыковга, Чет тилдер кафедрасынын улуу окутуучусу Н.Т.Канатовага тапшырылды.