Профсоюз

Мурзаев Тиркеш Жолдошбаевич – Профсоюз комитетинин төрагасы
Профсоюз комитетинин отурумунун жүрүшү

    Кыргыз улуттук агрардык университетинин профсоюздук комитетинин ишмердүүлүгү Кыргыз улуттук университеттин кызматкерлеринин социалдык-экономикалык укуктарын жана кызыкчылыктарын мыйзамдуу түрдө коргоого багытталган.

    Ушул таризде профсоюз комитети өзүнун ишмердүлүгүн Кыргыз Республикасынын Конституциясына, «Кесиптик кошуун, анын ишмердүүлүгүнүн укуктары жана кепилдиктери жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын мыйзамына, Кыргыз Республикасынын эмгек кодексине жана Кыргыз улуттук агрардык университетинин профсоюз комитетинин жобосуна ылайык жүргүзөт.

    Кыргыз улуттук агрардык университетинин кызматкерлеринин укуктарын жана кызыкчылыктарын мыйзамдуу түрдө коргоону камсыз кылуу максатында Кыргыз улуттук агрардык университетинин профсоюздук комитети менен Кыргыз улуттук агрардык университетинин администрациясынын ортосунда жамаатык келишим түзүлгөн. Жамааттык келишимде кызматкерлердин негизги эмгекке болгон укуктарын жана социалдык жактан коргоо, коопсуз иш орундары менен камсыз кылуу, эмгек акылары өз убагында берүү шарттары так жана даана көргөзүлгөн.

    Мындан тышкары Профсоюз уюму университеттин администрациясы менен биргеликте Университеттин денгээлинде коомдук, ар – түрдүү маданий-массалык, спорттук саламаттыкты чыңдоо жана ар-түрдүү майрамдык иш чараларды уюштуруп өткөрүүдө өнөктөштүк кылат. Ошону менен бирге  улуу ата-мекендик согуштун жана эмгектин ветерандары менен жана ден-соолугуна же турмуштук шарттарына байланыштуу материалдык өтө муктаж кызматкерлер менен такай иштеп, аларга  социалдык жактан жардам көргөзүп келет.

    Бүгүнкү күндө Кыргыз улуттук агрардык университетинин профсоюздук уюмунда 450 ашуун мүчөлөрү бар. Профсоюз комитети тарабынан профсоюз мүчөлөрүн көбөйтүү максатында дайыма университеттин жамааты менен иш жүргүзүлүп келет.