Ректордун кайрылуусу

К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агарардык университетинин ректору,   КР Улуттук илимдер академиясынын академиги, КР Илим жана техника тармагындагы  Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, ветеринария илимдеринин доктору, профессор Р.З.Нургазиевдин кайрылуусу

Урматтуу достор!

Сиздерге К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин  сайтынан салам айтам!

Биздин университетке кызыгуу артып, жатканыңыздарга  чын дилдимден кубанычтамын жана биздин сайт тартуулаган, көңүл бурдурган, кызыктуу мүмкүнчүлүктөрдү  пайланууну сунуштайм. Сизде  окуу-өндүрүш борбору болуп эсептелген, Кыргызстандагы жападан жалгыз агрардык  жогорку окуу жайда  жүрүп жаткан билим берүү,  илимий-изилдөөчүлүк, эл аралык жана маданий окуялардын  активдүү катышуучусу болууга уникалдуу мүмкүнчүлүгү бар.

Биздин сайтка баш багуу менен  сиз  университеттин тарыхы, түзүмү,  билим берүү, илим жана өндүрүш тармагындагы факультеттердин, институттун, илимий-изилдөө институтунун, колледждеринин  жетишкендиги тууралуу маалыматтарды ала аласыздар.

Акыркы жылдарда  университет Эл аралык Банк (WB), БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму  (FAO), БУУнун  Өнүктүрүү Фонду (UNDP),  Айлана-чөйрөнүн Бүткүл Дүйнөлүк Фонду (GEF) Япон Эл аралык кызматташтык  агенттиги (JICA), Эл аралык азык-түлүк программасы (WFP),  ICARDA, CIMMYT, IFPR Эл аралык изилдөө борборлору сыяктуу  эл аралык институттар менен  кызматташууда  олуттуу ийгиликтерге жетишти. Европа,  Азия жана  КМШ өлкөлөрүндөгү чет элдик  университеттер менен   студенттерди, окутуучуларды жана  изилдөөнүн жыйынтыктарын алмашуу боюнча тыгыз байланыштар түзүлдү. Бул ишмердүүлүктүн натыйжасында, университеттин машина-трактордук технопаркы  жаңы япон техникалары менен жаңыланды (JICA), топурак жана сууну изилдөө үчүн лабораториялар (КНР), Фитосанитардык, Виртуалдык лабораториялары, “Аквамаданият  жана демонстрациялык балык фермасы”  уюштурулду  жана  Борбордук Азиядагы жападан жалгыз суу музейи (GEF) түзүлдү. Эл аралык банктын каржылык колдоосу менен КРнын бардык аймактары үчүн  максатка багытталган ветеринардык дарыгерлерди даярдоо башталды жана  факультеттин базасындагы  окуу-лабороториялар жакшыртылды.

Хенань технологиялык университети (КНР) менен биргеликте  университеттин  окуу-тажрыйба чарбасында  технологиялык паркты түзүү жумушу башталды. Университетте  эл аралык магистрдик борбор жана  Phd программасы иш алып барат.

 Биздин сайттын активдүү окурманы  болуу менен Сиз, университеттин ичинде  жүрүп жаткан жаңылыктар менен гана кабардар болбостон,  ошол окуялардын катышуучусу да болуп каласыз. 

Кыргыз улуттук агрардык университетинин  жамааты,  сунушталган  адистиктердин тизмеси жана алар жөнүндө кыскача  маалымат, мүнөздөмөлөр абитуренттердин  болочок кесибин туура тандоого көмөк көрсөтөт деп ишенет!

Ректор менен баарлашуу режиминде  сиздердин бардык суроолоруңузга жооп берүүгө, кубанычтамын!

Биз ар дайым жаңы идеялар, кызматташуу жана өнүгүү үчүн даярбыз!