КУАУнун Окумуштуулар Кеңеши

университеттин жалпы жетекчилигин ишке ашыруучу коллегиялуу орган.

Окумуштуулар Кеңешинин ишинин максаты:

  • университеттин жана анын бөлүмдөрүнүн өнүгүү стратегиясын аныктоо;
  • университеттин жетекчилигинин, илимий-педагогикалык кызматкерлердин, окуу-көмөкчү персоналдын заманбап талаптарга жооп берген адистерди даярдоо боюнча күч-аракеттерин бириктирүү;
  • университеттин окуу, окуу-методикалык, илимий-изилдөө жана тарбия иштерин координациялоо;

Окумуштуулар Кеңешинин курамы жана аны түзүү тартиби, анын ыйгарым укуктары, Окумуштуулар Кеңешине жетекчилик кылуу, анын мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери, Окумуштуулар Кеңешинин жыйынын уюштуруу жана өткөрүү тартиби “КУАУнун Окумуштуулар Кеңеши жөнүндө жобо” менен аныкталган.

Окумуштуулар Кеңешинин негизги милдеттери:

  • университеттин түзүмүн аныктоо, өзгөртүүлөрдү киргизүү;
  • кесиптик билим берүүнүн негизги жана кошумча программалары боюнча адистерди даярдоонун жаңы багыттарын ачуу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу;
  • билим берүү программаларын жана окуу пландарын бекитүү;
  • диссертациялардын темаларын бекитүү;
  • университетте окуу, илимий жана тарбиялык иштерди жөнгө салуучу негизги жоболорду бекитүү;
  • ректорду, декандарды жана кафедра башчыларын шайлоонун жол-жоболорун аныктоо жана уюштуруу;
  • илимий наамдарды ыйгаруу жана илимий-педагогикалык кызматкерлердин кызмат орундарын ээлөө жөнүндө маселелерди кароо;
  • профессор-окутуучуллар курамынын ичинен университеттин кызматкерлерине доцент жана профессор, корреспондент – мүчө жана академик илимий наамдарды ыйгарууга көрсөтүү маселелери боюнча чечим кабыл алуу;
  • эл аралык жана ЖОЖдор аралык кызматташуу маселелерин чечүү

31.03.2022 Окумуштуулар кеңеши

Previous slide
Next slide