ЖАШ ОКУМУШТУУЛАР КЕҢЕШИ

К. И. Скрябина атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин (КУАУ)  алдындагы Жаш окумуштуулар кеңеши (ЖОК), жаштардын илимий жана техникалык чыгармачылык системасын уюштурууга жана өнүктүрүүгө багытталган түзүмдүк болуп саналат. ЖОК жаш окумуштуулардын жана студенттердин чыгармачылык, интеллектуалдык потенциалын натыйжалуу пайдалануу, окуу процессин өркүндөтүү, жаштарды материалдык жана социалдык жактан камсыз кылууну жакшыртуу үчүн түзүлгөн.

  1. Жаш окумуштуулар кеңешинин максаты: Агрардык университеттин жаш окумуштууларынын жана студенттеринин өзүн – өзү өркүндөтүүсү үчүн илимий-чыгармачыл шарттарды түзүү.
  • ЖОК өз ишмердүүлүгүндө мыйзамдуулукту, мамлекеттик тартипти сактайт жана өзүнүн жетекчилиги астында университеттин илимий багыттагы келечеги бар жаш окутуучуларын, аспиранттарын, изденүүчүлөрүн, илимий кызматкерлерин жана башка жаш адистерин (лаборанттарын) бириктирет.

ЖОКтун мүчөлөрүнүн жашы 40 жашка чейин.

  • ЖОКтун ишинин негизги принциптери, алардын укуктары жана милдеттери Агрардык университеттин алдына коюлган конкреттүү милдеттерге жараша ушул Жобо менен аныкталат.

 

  • ЖОК жөнүндө жобо жаш окумуштуулардын жалпы жыйынында талкууланат жана кабыл алынат, КУАУнун ректору бекиткен учурдан тартып күчүнө кирет.

 

Жаш окумуштуулар кеңешинин милдеттери

     2.1. Жаш окумуштуулар кеңешинин  негизги милдеттери:

  • – жаш окумуштууларды, окутуучуларды илимий-изилдөө, тажрыйба – конструктордук, технологиялык, ишке киргизүү жана башкаруу иштерине кеңири тартуунун негизинде билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана адистерди даярдоого катышуу;
  • – жаш окумуштуулардын жана адистердин илимий-изилдөө иштерин уюштуруу;
  • – Кыргыз Республикасынын чарбасына илимдин алдыңкы жетишкендиктерин киргизүүгө көмөктөшүү;
  • – илимдин жана техниканын жетишкендиктерин пропагандалоо, маалыматтык – методикалык иштерди жүзөгө ашыруу, алдыңкы тажрыйбаны жайылтуу;
  • – жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн башка жогорку окуу жайларынын, Республиканын ИИИнин жаш окумуштуулары менен илимий-техникалык байланыштарды түзүү;
  • – жөндөмдүү жана чыгармачыл таланттуу жаштарды издөө жана колдоо.

 

2.2. Жаш окумуштуулардын жана адистердин кеңеши жүктөлгөн милдеттерге ылайык:

  • илимий конференцияларды, семинарларды өткөрөт, сынактарды, көргөзмөлөрдү уюштурат, жаш илимпоздордун иштеп чыгууларын жарнамалайт;
  • жаштардын илимий конференцияларга, симпозиумдарга, жаштар форумдарына ж.б. катышуусун камсыздайт.
  • жаш окумуштууларга материалдык жана моралдык колдоо көрсөтүү анын ичинде алардын иштерин ишке ашыруу;
  • улуттук, социалдык жана тилдик таандыктыгына карабастан жаш окумуштуулардын бирдей укуктарын камсыздайт;
  • жаштардын жамааттык жана жеке ишкердик ишмердүүлүгүн колдойт жана өнүктүрөт;
  • белгиленген тартипте башка ЖОЖдор жана илимий-изилдөө институттары, эл аралык жаштар уюмдары менен байланыштарды жүргүзөт;
  • жаштардын өз алдынча башкаруусун өнүктүрүүгө жана жаштардын бош убактысын маңыздуу уюштурууга көмөк көрсөтөт;
  • КУАУнун Окумуштуулар кеңешинин чечимдерин ишке ашыруу боюнча иштерди уюштурат;
  • ЖОКтун жана анын бөлүмдөрүнүн ишин пландайт, бул пландардын аткарылышын контролдойт;
  • Жаш окумуштуулардын ишмердүүлүгүн материалдык жактан колдоо максатында өздүк фондду түзөт;
  • университеттин илимий-техникалык жана билим берүү программаларын талкуулоого жана иштеп чыгууга катышат;
  • чет мамлекеттерде стажировкадан өтүү үчүн жаш окумуштууларга талапкерлерди тандоо боюнча сунуштарды киргизет;
  • жаш илимий адистерди сыйлыктарга жана сыйлоого көрсөтөт;
  • республиканын мыйзамдарына жана ЖОЖдун уставына ылайык ЖОЖдун шайлануучу кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтөт;
  • Университеттеги ЖОКтун төрагасын, ЖОЖдун факультеттеринин төрагаларын жалпы чогулуштун негизинде, ЖОЖдун Окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрүнө сунуштайт.
  1. Жаш окумуштуулар кеңеши төмөнкүлөргө укуктуу:
  • илимий-изилдөө, конструктордук, технологиялык жана конструктордук иштерди жүзөгө ашыруу боюнча жана илимий-техникалык программалардын тапшырмаларын аткаруу боюнча конкурска катышууга (БИМ жана АЧМ);
  • жаш окумуштуулардын жана адистердин ишмердүүлүгүн материалдык жактан камсыз кылуу максатында өздүк фондду түзүү;
  • илимий – техникалык билим берүү программаларын талкуулоого жана иштеп чыгууга катышууга;
  • чет мамлекеттерде стажировкадан өтүү үчүн жаш окумуштууларга жана адистерге талапкерлерди тандоо боюнча сунуштарды киргизет;
  • жаш окумуштууларды жана адистерди кызыктыруучу сыйлыктарга көрсөтүүгө;
  • Республиканын мыйзамдарына жана ЖОЖдун уставына ылайык ЖОЖдун шайлануучу кызмат ордуна талапкерлигин көрсөтүүгө;
  • СМУнун жана факультеттердин төрагаларын факультеттин Окумуштуулар кеңешинин курамына сунуштайт.

 

  1. Жаш окумуштуулар кеңешин башкаруу

4.1. Жаш окумуштуулар кеңеши өзүнүн практикалык ишин түздөн-түз ректораттын жетекчилиги астында, ал эми күнүмдүк ишин илим боюнча проректордун жетекчилиги астында жүргүзөт.

4.2. ЖОКтун уюштуруу жана башка иштерине тике жетекчиликти ЖОКтун президиумунун жана илим боюнча проректордун сунушу боюнча ректордун буйругу менен дайындалган төрага ишке ашырат.

4.3. ЖОКтун курамына ЖОКтун төрагасы, анын орун басары, ЖОКтун факультеттеринин төрагалары жана ЖОКтун президиумун түзгөн бөлүмдөрдүн катчысы кирет.

  • ЖОК университеттин структуралык бөлүмү болуп саналат. ЖОКтун иши үчүн жоопкерчилик анын төрагасына жүктөлөт.
  • ЖОКтун төрагасы (илимдин кандидатынан кем эмес), кат аркылуу кызматка дайындалат жана университеттин ректорунун буйругу менен бошотулат.