Имараттарды жана курулуштарды эксплуатациялоо бөлүмү


Сетвалдиев  Дилшод  Тухтасинович

Имараттарды жана курулуштарды эксплуатациялоо бөлүмү начальниги.


 


Джайлообаев   Джаныбек    Мабланкулович

Коопсуздук, ден-соолук жана жарандык коргоо боюнча инженер


 

К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук  агрардык университетинин административтик-чарбалык  кызматында 189 жумушчу эмгектенет. Университетте жалпы аянты 57085 чарчы метрди түзгөн 5 окуу имараты, 3 үй-бүлөлүк, 2 студенттик жатакана, спорт комплекс, медпункт жана техникалык борбордун имараттары бар. Административдик-чарбалык  кызмат 5 түзүмдүк бөлүмдөн турат: Имараттардын курулушу жака эксплуатацялоо бөлүмү; Мамлекеттик сатып алуу, Материалдык-техникалык жабдуу;  Күзөт; Гараж.

Административдик-чарбалык кызматты    университеттин жана анын бөлүмдөрүн чарбалык, материалдык-техникалык социалдык-тиричилик жактан тейлөөнү камсыз кылат. Университетке караштуу болгон территорияларды жана имараттарды тийиштүү деңгээлде кармоо, инфраструктураны жакшыртуу, ошондой эле, университеттин кызматкерлери үчүн эмгек шарттарын, студенттерге окуу жана жашоо шарттарын түзүү, башкармалыктын башкы милдеттеринен болуп эсептелет.

ИМАРАТТАРДЫ ЖАНА КУРУЛУШТАРДЫ ЭКСПЛУАТАЦИЯЛОО БӨЛҮМҮ

Имараттарды жана курулуштарды  эксплуатациялоо бөлүмү университеттин административдик-чарбалык ишмердүүлүгүн, окуу жайдын  имараттарын (жылуулук, суу менен камсыздоо, желдетүү, электр тармактары ж.б.) жабдууларын тейлөө, алардын учурдагы  капиталдык оңдоп-түзөө иштерин пландаштыруу, уюштуруу жана контролдоо, эмерек, турмуш-тиричилик жабдуулары, инженердик-башкаруу иштерин механизациялоо каражаттарын, транспорт менен камсыз кылуу жана коопсуздукту уюштуруу иштерин камсыздайт.