2024-жылдын 12-мартында КУАУнун профессор Ж.Т.Темирбеков жана доцент И.Ж. Алыкеев КР Чүй обласындагы Президенттин Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулган мектептердин бүтүрүүчүлөрүнө  кесипке багыт берүү максатында, жолугушууга катышып келишти. 

2024-жылдын 12-мартында КУАУнун Инженердик-техникалык факультетинин деканы, Кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы, профессор Ж.Т.Темирбеков жана академик М.Н. Лущихин атындагы мал чарбасындагы мененджмент жана аквакульутра кафедрасынын башчысы, доцент И.Ж. Алыкеев КР Чүй обласындагы Президенттин Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулган облустун айылдарындагы мектептердин бүтүрүүчүлөрүнө  кесипке багыт берүү максатында, жолугушууга  катышып келишти. 

Чогулушту Чүй облусундагы  Президенттин Ыйгарым  укуктуу өкүлүнүн орун басары Г.А.Кыштобаева алып барды жана бул чогулушка облустагы райондордун акимдеринин орун басарлары, Айыл өкмөттөрүнүн башчылары, облустук жана райондук Билим берүү башкармалыгынын жетекчилери, ЖОЖдордун жана лицейлердин өкүлдөрү катышышты. Негизки каралган маселе, өспүрүмдөргө, алардын ата-энелерине, кесиптик билим берүүдөгү бардык маалыматтарды өз убагында  жеткирүү болду. Кесипти туура тандоо, айыл жериндеги жакырчылыкты жоюнун негизки шарты экендиги баса белгиленди. 2024-жылдын апрель айында облустун бардык аймактарында  ЖОЖдор менен биргеликте кесипке багыт берүү боюнча иш-чараларды уюштуруу чечими кабыл алынды.

Профессор Ж.Т.Темирбеков КУАУнун билим берүү шарттары боюнча маалымат берди. Доцент И.Ж. Алыкеев айыл жериндеги тургундарды окутуу боюнча “Агробизнес мектеби” программасын тартуулады, бул программа колдоого алынып, сунуштар айтылды.

Чогулуштун аягында, Чүй облусундагы Президенттин Ыйгарымдуу укуктуу  өкүлү  К.С.Жумагазиевдин атынан жаштарга кесипке багыт берүүдөгү чөң салымы үчүн, КУАУга “Ыраазычылык кат”  тапшырылды.