You are currently viewing Бүгүнкү күндө К.И.Скрябин атындагы КУАУнун  In Vitro илимий-өндүрүштүк лабораториясында малинанын түрдүү сортторунун вируссуз көчөттөрүн лабораториялык шартта микроклоналдык  ыкманы колдонуу менен көбөйтүү технологиясы ишке киргизилип жатат.

Бүгүнкү күндө К.И.Скрябин атындагы КУАУнун  In Vitro илимий-өндүрүштүк лабораториясында малинанын түрдүү сортторунун вируссуз көчөттөрүн лабораториялык шартта микроклоналдык  ыкманы колдонуу менен көбөйтүү технологиясы ишке киргизилип жатат.

Бүгүнкү күндө К.И.Скрябин атындагы КУАУнун  In Vitro илимий-өндүрүштүк лабораториясында малинанын түрдүү сортторунун вируссуз көчөттөрүн лабораториялык шартта микроклоналдык  ыкманы колдонуу менен көбөйтүү технологиясы ишке киргизилип жатат. Ошондой эле, лабораторияга керектелүүчү лабораториялык жабдыктар жана чыгымдалуучу материалдар сатылып алынууда. 2024-жылдын 10-февралында Кыргызстанга биринчи жолу К.И.Скрябин атындагы КУАУнун  In Vitro илимий-өндүрүштүк лабораториясына Польша мамлекетинен In Vitro лабораториясында өндүрүлгөн бардык оорулардан арылган (вируссуз), таза, сапаттуу сертификаты менен малинанын көчөттөрүнүн төмөнкү сорттору алынып келинди: Вилламет, Дельнива, Хузаря, Эндросадира, Полка, Полана, Маравилла, Вайолет ж.б. КУАУнун In Vitro илимий-өндүрүштүк лабораториясы өлкөбүздөгү дыйкан-фермерлерди бардык инфекциялардан арылган (вируссуз) таза, сапаттуу, түшүмдүүлүгү жогору ата мекендик көчөттөр менен камсыз кылуу жана көчөткө болгон импорттук көз карандылыктан чыгуу  максатында ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө.