2024-жылдын 20-мартында К.И.Скрябин атындагы КУАУде Нооруз майрамына карата салтанат болуп өттү.

2024-жылдын 20-мартында К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде Нооруз майрамына карата салтанат болуп өттү. Салтанат студенттер тарабынан даярдалган концерттик программа жана улуттук оюндар менен коштолду. Кыргызстанда 21-мартты элдик Нооруз майрамы катары, Жогорку Кеңештин мыйзамына 1991-жылдын 1-февралында кол коюлган. Нооруз майрамы токчулуктун, мол түшүмдүн, ырыскынын, жаз майрамы катары белгиленип келет. 2009 – жылы Нооруз майрамы UNESCO (ЮНЕСКО) тарабынан адамзаттын материалдык эмес маданий мурастардын тизмесине киргизилген. Нооруз – бул биздин маданиятыбыздын жана тарыхыбыздын ажырагыс бөлүгү, ал бизди биримдикке, ынтымакка жана өз ара түшүнүшүүгө чакырат. Бул күнү биз баарыбыз бирге болуп, жылдын жаңы циклине кадам таштайбыз. Сиздерге чың ден соолук, бакыт жана ийгиликтерди каалайбыз. Ар бир жаңы күн сиздерге жаңы идеяларды, жетишкендиктерди жана жемиштүү эмгектерди алып келсин!