You are currently viewing 09.02.2024-жылы

09.02.2024-жылы

09.02.2024-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Ботаникалык бакчасынын базасында түзүлгөн Корея Эл аралык айыл чарба программасынын (KOPIA) Кыргыз Республикасындагы борборунун көрсөтмө аянтында “Кыргызстанда жашылча үрөндөрүн өндүрүү үчүн инфраструктураны түзүүгө көмөк көрсөтүү” долбоорунун алкагында жумушчу тобу үчүн талаа окуусу өткөрүлдү.  Долбоор жашылча үрөнү менен камсыз кылуу системасын чыңдоо аркылуу айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу жана азык-түлүк коопсуздугун жакшыртуу боюнча чараларды ишке ашырууну карайт.

Талаа окуусунун максаты – долбоордун жумушчу тобун сапаттуу жашылча үрөнүн өндүрүү үчүн себүүгө, үрөндөрдү даярдоонун инновациялык технологиялары менен тааныштыруу.

Талаа окуусуна агрономиялык факультеттин өсүмдуктөрдү өстүрүү  кафедрасынын башчысы доцент, б.и.к. К.Б. Баялиева; а.ч.и.д., доцент А.Ж. Асаналиев; доцент, а.ч.и.к. К. Эргешова; кафедраннын ассистенттери Ч.Д. Чоробекова, У.Сапарбек кызы жана Ж.А. Сайырбеков; айыл чарба азыктарын кайра иштетүү технологиясы кафедрасынын доценти, а.ч.и.к. К.Н.Осмоналиева  жана KOPIA борборунун өкүлдөрү катышты.

Талаа окуусун KOPIA борборунун илимий кызматкери жана  консультациялык кеңешинин мүчөсү Ким Хек Сан мырза ачып, жашылчанын үрөнүн себүүгө жана топуракты даярдоонун жолдорун, үрөндү контейнерлерге себүүнүн инновациялык технологияларын, көчөттөрдү өстүрүү жана аны туура багуунун маанилүүлүгүн кеңири айтып берди. Андан соң жер кыртышын даярдоодо, үрөндөрдү контейнерлерге себүүдө колдонулган заманбап жабдуулар менен тааныштырып, практикалык көндүмдөрүн көрсөттү. Ал ошондой эле борбордун эксперименталдык аянты, аймакта жайгашкан күнөсканалардын түзүмү жана анын өндүрүш системасы менен тааныштырып, катышуучуларды дагы башка айыл чарба өсүмдүктөрүнүн өстүрүү технологиялары менен тааныштырды. Окуунун аягында бардык катышуучулар KOPIA борборунун баалуу белектерине ээ болушту. Ошентип, талаа окуусунун катышуучулары жашылча үрөнүн өндүрүү үчүн сапаттуу көчөттөрдү алууга мүмкүндүк берген эң пайдалуу практикалык тажрыйбага ээ болушту.

Андан соң катышуучулар тренерге баалуу инновациялык маалыматтары жана практикалык көндүмдөрү менен бөлүшкөндүгү үчүн ыраазычылыгын билдиришти.