2026-жылдын 8-июнунда Технология жана биотехнология факультетинин Профессор Б. Сыдыков атындагы «Айыл чарба азыктарын кайра иштетүү технологиясы» кафедрасында бүтүрүүчүлөрдүн квалификация алдындагы практикасын коргоо атайын түзүлгөн комиссиянян катышуусу менен өткөрүлду. Комиссиянын курамына төмөндөгүлөр кирди:Ж.М. Мааткеримова — кафедра башчысы, доцент, Ж.А. Давлеталиев — КУАНнун өндүрүштүк практиканын жетекчиси, Г.Ф. Эшимкулова — кафедрадан практика жетекчиси , доцент, З.К. Оморова кафедранын улуу окутуучусу жана факультеттин медодисти Н.С. Баркыжокова .
2025-2026-окуу жылында ТехЖ-1-22 жана ТехР-1-22 тайпаларынын бүтүрүүчүлөрү Бишкек шаарындагы кайра ишетүүчү жана көзөмөлдөөчү алдыңкы мекеме-ишканаларда практикадан ийгиликтүү өтүп келишти.
Аларга :5 бүтүрүүчү — КР Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борборунун алдындагы Бишкек шаардык сыноо, сертификациялоо жана метрология борборунда;
9 бүтүрүүчү — КР Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде;
3 бүтүрүүчү — «Умай Групп» ЖЧКсында;
Калган бүтүрүүчүлөр — «Макаронная лавка производства» ЖЧКсы, «АЛХАН АДАЛ» ЖЧКсы, «Тойбосс» ЖАКсы, «Жайыл милк» ЖАКсы, «Эмилия» ЖИси (колбаса, сосиска өндүрүшү), «ДилНур КЕЙДЖИ» ЖЧКсы жана Токтогул райондук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору сыяктуу ишканаларда практикасын өтөштү.
Бүтүрүүчүлөр өз отчетторун жогорку деңгээлде коргоп, терең билимдерин көрсөтө алышты. Жыйынтыгында студенттердин 70 пайызы «эң жакшы» деген баага татыктуу болушту.
Ошону менен катар эле бүтүрүүчүлөрдүн ишке орношуу маселеси дагы каралды. (Түзүлгөн келишимдер):
Практиканын алкагында өздөрүн мыкты көрсөткөн студенттерди жумушка чакыруу боюнча төмөнкүдөй кубанычтуу жыйынтыктар болду:
Кубанычбек кызы Жаркынай (ТехЖ-1-22 тайпасы) — практиканын жыйынтыгы менен «ДилНур КЕЙДЖИ» ЖЧКсына жумушка кабыл алынды;
Сагынбекова Акылай (ТехР-1-22 тайпасы) — «Макаронная лавка производства» ЖЧКсына сапат боюнча менеджер (менеджер по качеству) кызматына жумушка орношту;
Тынчтыкбек кызы Аида (ТехЖ-1-22 тайпасы) — Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна лаборант кызматына жумушка кабыл алынууда.



