2024-жылдын 5-мартында

2024-жылдын 5-мартында КР Улуттук илимдер академиясынын Машина таануу, автоматика жана геомеханика институтунун базасында JICAнын, КР Суу ресурстары, айыл чарбасы жана кайра иштетүү өнөр жайы Министрлигине караштуу айыл чарбасын механизациялоо, инновациялык технологиялар жана кооперациялоо департаментинин, КР Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин, К.И. Скрябин атындагы КУАУнун Инженердик-техникалык факультетинин профессор-окутуучулары жана студенттери, Кыргыз мал чарбачылык жана жайыттар ИИИнин, Кыргыз дыйканчылык ИИИнин, КР УИАнын Машина таануу, автоматика жана Геомеханика институтунун кызматкерлеринин катышуусу менен семинар болуп өттү.

Семинардын алкагында КР УИАнын Машина таануу, автоматика жана геомеханика институту тарабынан даярдалган “Институттун иштеп чыгууларынын мисалында технологияларды коммерциялаштыруу” темасында презентация угулду. Анда технология жана үрөндөрдү каптоо үчүн жаңыдан иштелип чыгып институттун базасында жасалган машина боюнча маалымат берилди. Андан соң, катышуучулар экскурсиянын жүрүшүндө КР УИАнын Машина таануу, автоматика жана геомеханика институтунун ишмердүүлүгү менен таанышышты. Жогоруда аталган мекемелердин жаңы айыл чарба машиналарын түзүү жана пайдалануу боюнча өз ара кызматташуусун мындан ары өркүндөтүү тууралуу кеңири пикир алышуулар жүргүзүлүп, семинардын негизги максаты ишке ашырылды.