И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин жыйындар залында КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча отчеттук маалымат жыйыны өткөрдү.

       2023-жылдын 13-декабрында И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин “Кыргыз руху” жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча отчеттук маалымат жыйыны өткөрдү.   Маалымат жыйынга: Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева, министрдин орун басарлары жана министрликтин түзүмдүк бөлүктөрүнүн башчылары жана жогорку окуу жайлардын профессор-окутуучулары, студенттер катышты. 

     Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева   азыркы заманбап билим берүүнүн жана тарбиялоонун өзөктүү багыттары жана андагы ийгиликтер менен проблемалары туурасында кенири маалымат берди.  Ошондой эле, билим берүү тармагындагы келечектеги олуттуу милдеттерди ишке ашыруунун зарылдыктарын айкындады.  

     Билим берүү жана илим министрлиги менен тыкыз кызматташып, билим берүү тутумунда бирдиктүү иш алып барууга кошкон жигердүү салымы үчүн К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетин “Ыраазычылык кат” менен сыйлады.