You are currently viewing 2024-жылдын 27-мартында КРнын ЖКнин депутаты Э.К. Абакиров  К.И.Скрябин атындагы КУАУне расмий сапар менен келди.

2024-жылдын 27-мартында КРнын ЖКнин депутаты Э.К. Абакиров  К.И.Скрябин атындагы КУАУне расмий сапар менен келди.

2024-жылдын 27-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Э.К. Абакиров К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетине расмий сапар менен келди. Университеттин материалдык-техникалык базасы менен таанышты. “In vitro” илимий-өндүрүштүк лабораториясында өсүмдүктөрдү микроклоналдык ыкманы колдонуу менен көбөйтүү технологиясы, өсүмдүктөрдүн патогендик микроорганимдеринин генетикалык материалдарын бөлүп алуу, карантиндик өсүмдүктөрдүн ооруларын ПЧР ыкмасын колдонуу менен аныктоо, өсүмдүктөрдүн меристемалык тканын бөлүп алуу жана лаборатория шартында өсүмдүктөрдү өстүрүү боюнча маалымат алды. Ошондой эле, Бизнес-инкубатор борбору, Ч.Айтматовдун кабинети, профессор Балян атындагы кабинет, Мамлекеттик тил жана орус тил кабинеттери менен таанышып, профессор-окутуучулар курамы жана студенттер менен жолугушуу өткөрүлдү. Жолугушууда университеттин ректору, академик Р.З.Нургазиев окуу жайдын ишмерүүлүгү тууралуу презентация жасады.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Э.К.Абакиров студенттерге терең билим алуу, IT технологиясын мыкты өздөштүрүү, чет тилдерин терең үйрөнүү, кесипкөй адис болуп чыгуу керектиги тууралуу мазмундуу маалымат берди. Соңунда, суроо-жооптор менен жыйынтыкталды.