2026-жылдын 12-февралында К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде диний экстремзм боюнча “Диний экстремизмге жол бербөө – учурдун талабы” аттуу иш-чара өткөрүлдү. Иш-чарага: Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин кызматкери Закиров Т.У., Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи, Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын (КМДБ) жетекчиси Абдулазис кары Закиров, Экспертиза жана диний уюмдар менен иш алып баруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Кыргызбаев Нургазы-ДИЭМУ жана КУАУнун профессор-окутуучулары, студенттер катышышты. Иш-чарада диний экстремизм — бул коомдогу орнотулган мыйзамдарга жана нормаларга каршы келген, өзүнүн диний көз караштарын зомбулук же башка агрессивдүү жолдор менен таңуулоого багытталган иш-аракет экендиги айтылды. Жаштар арасында диний экстремизмдин алдын алуу үчүн диний сабаттуулукту жогорулатуу жана сабырдуулук баалуулуктарын жайылтуу зарыл. Диний экстремизм жана терроризм мамлекеттин бүтүндүгүнө жана коомдук коопсуздукка олуттуу коркунуч келтирет, ошондуктан ага каршы күрөшүү ар бир жарандын милдети. Чыныгы дин ар дайым тынчтыкка жана боорукердикке чакырат, ал эми диний экстремизм — бул диний ишенимдерди саясий максаттар үчүн бурмалап, коомго ишенимсиздик жана жек көрүүчүлүк уругун себүү болуп саналат. Диний экстремизмдин тузагына түшпөө үчүн ар бир жаран өзүнүн диний жана дүйнөлүк билимин тереңдетип, маалыматтарды сын көз караш менен талдай билүүсү зарыл. Диний экстремизм адамдын руханий дүйнөсүн байытпайт, тескерисинче, аны башкаларга каршы куралга айлантат. Биздин максат — диний баалуулуктарды коомду бөлүп-жаруу үчүн эмес, бириктирүү үчүн колдонуу. Кыргыз Республикасынын светтик мамлекеттик түзүлүшүн сактоо жана диний радикалдашууга жол бербөө — бул келечек муундардын бейпил жашоосун камсыз кылуунун негизги шарты экендигин далилденди Студенттер тарабынан берилген суроолорго жооп беришти.
Жыйынтыгында:
1.Студенттер арасында диний экстремизмдин жана радикализмдин алдын алуу боюнча түшүндүрмө иштерин күчөтүү, ошондой эле жаштардын диний сабаттуулугун жогорулатуу маселеси каралсын.
2.Кыргыз Республикасынын светтик мамлекеттик түзүлүшүнө коркунуч келтирген диний экстремисттик агымдардын жайылышына жол бербөө максатында, факультеттерде туруктуу негизде профилактикалык иш-чаралар өткөрүлсүн.
3.Студенттер коомдук тартипти бузууга багытталган диний экстремисттик чакырыктарга кошулбоого, интернет мейкиндигиндеги күмөндүү маалыматтарды таратпоого жана салттуу эмес диний агымдардын азгырыгынан сак болууга чакырылсын.
4.Университеттин алкагында диний экстремизмдин алдын алуунун илимий-методикалык негиздерин иштеп чыгуу жана студенттердин дүйнө таанымын кеңейтүүчү атайын курстарды уюштурулсун деген токтом кабыл алынды.






