К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде “Баракелде-2024” кароо-сынагы өтүүдө.

2024-жылдын 16-апрелинде К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде “Баракелде-2024” кароо-сынагы өтүүдө. Иш-чаранын экинчи күнү Агрономия жана токой чарба, Экономика жана менеджмент факультеттеринин жана Маалыматтык системалар жана аралыктан билим берүү институтунун студенттери өнөрлөрүн көрсөтүштү. “Баракелде-2024” кароо- сынагы жогорку деңгээлде, абдан кызыктуу өтүүдө. Калыстар тобунун мүчөлөрү Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана икусство университетинин окутуучулары: А.А.Чернышева, А.К.Калмаматова, Исабек Бакытбек уулу, Э.Ш.Шейшеналиев жана КУАУнун Мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректору, педогогика илимдеринин доктору, профессор С.Т.Батаканова болду. Кароо- сынакта КУАУнун ректору, академик Р.З.Нургазиев маанилүү жана мазмундуу сөз сүйлөп, окуу жайды Чынгыз Айтматов, Таштанбек Акматов, Арстанбек Дүйшеев баштаган легендарлуу инсандар бүтүрүшкөндүгүн белгилеп, студенттерге ийгиликтерди каалады. Соңунда, калыстар тобунун мүчөлөрү агрардык багытта билим алып жаткан студенттердин актердук чеберчилигине, вокалдык аткаруусуна, хореографиялык талантына, көркөм окуудагы чеберчилигине, алып баруучулардын дикциясына, дикторлук өнөрүнө маани беришип, калыс бааларын беришүүдө.