К.И.Скрябин атындагы КУАУнин жаңы курулуп бүткөн күнөсканалары, тазалоо иштери жүргүзүлүп, трансформатордук подстанция орнотулду

2024-жылдын 16-сентябрында К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин Окуу-тажрыйба чарбасында жашылча өсүмдүктөрдүн үрөнүн өндүрүү боюнча жаңы курулуп бүткөн 9 күнөсканалардын ичин отоо чөптөрдөн арылтып, тазалоо иштери жүргүзүлүп, трансформатордук подстанция орнотулду. “Кыргыз Республикасында жашылча өсүмдүктөрүнүн үрөнүн өндүрүү үчүн инфраструктураны түзүүгө көмөктөшүү” долбоорунун алкагында, Окуу-тажрыйба чарбасында жашылча өсүмдүктөрүнүн үрөнүн өндүрүү боюнча окуу-илимий борбору түзүлүп, анда пияз, помидор жана бадыраңдын уруктары өстүрүлүп, өндүрүлөт. Долбоордун максаты – Кыргыз Республикасында жашылча үрөндөр менен камсыз кылуунун туруктуу системасын түзүү, жашылча үрөндөрүн өндүрүү жана селекциялоо инфраструктурасын өнүктүрүү аркылуу жашылча үрөндөрүнүн өндүрүмдүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу болуп саналат. Аталган долбоор Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин, Корея Республикасынын Айыл чарба, азык-түлүк жана айыл иштери министрлигинин, Кореянын Айыл чарба коомчулугунун корпорациясынын жана К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин катышуусунда ишке ашырылууда. Аталган иш-чарага: университеттин ректору, академик Р.З.Нургазиев баш болгон проректорлор, декандар, окутуучулар жана Инженердик-техникалык жана Агрономия жана токой чарба факультеттеринин студенттери катышышты.

Leave a Reply