2024-жылдын 7-февралында К.И.Скрябин атындагы КУАУде “Стейхолдерлердин ролу жана мааниси» аттуу тегерек стол  болуп өттү.

2024-жылдын 7-февралында К.И.Скрябин атындагы КУАУнун Айыл чарбасын электрлештирүү жана автоматташтыруу кафедрасыннын 640200 – “Электр энергетикасы жана электротехникасы” багыты боюнча негизги кесиптик билим берүү программасы боюнча “Стейхолдерлердин ролу жана мааниси» аттуу тегерек стол болуп өттү. Тегерек столодо “Бакалавр”багыты боюнча негизги билим берүү программасындагы окутуунун максатын, милдетин, мазмунун тактоодо, сырткы жана ички стейхолдерлердин сунушу жана кеңештери абдан маанилүү экендиги, көйгөйлөрдүн актуалдуулугун жана чечүүнүн жолдорун, окутуунун максаттарынын жана күтүлүүчү натыйжалардын ачык, так болушунун зарылчылыктарын берүү багытында болуу менен бирге, негизги максат студенттердин жалпы маданий өсүшүн, чыгармачылык активдүүлүгүн, социалдык мобилдүүлүгүн шарттаган өздүк сапаттарын өнүктүрүү, ал эми студенттерге билим берүүдө бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик багытында универсалдык жана кесиптик компетенцияларын калыптандыруу болуп саналарын баса белгилешти. Күтүлүүчү натыйжаларга жетүү үчүн, жумушчу окуу планына өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталды. Мисалы: «Электр энергетикасы жана электротехникасы» багытына тиешеси азыраак сабактардын ордуна адистикке түздөн-түз тиешеси бар сабактарды киргизүү керектиги тастыкталды.
Иш- чарага: Окуу бөлүмүнүн башчысы, техн.и.к., доцент Аматов Ш.Б., Инженердик-техникалык факультетинин деканы, техн.и.д., профессор Темирбеков Ж.Т., “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ачык акционердик коомунун “Эсептөө тобунун” жетекчиси Койбагаров Т.Дж., Чуй электр тармактар ишканасынын “Курулуш-монтаждоо башкармасынын” жетекчиси Темирканов К.А., “Чакан ГЭС” ачык акционердик коомунун “Ишенимдүүлүк жана коопсуздук” кызматынын жетекчиси Айтуганов У.Ш., И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин, Электр менен жабдуу кафедрасынын башчысы Сариев Б.И., бүтүрүүчүлөр жана АЧЭжана А кафедрасынын мүчөлөрү катышышты.