You are currently viewing К.И. Скрябин атындагы КУАУнун лидер-студенттери КР Жогорку Кеңешинде болушту

К.И. Скрябин атындагы КУАУнун лидер-студенттери КР Жогорку Кеңешинде болушту

2026-жылдын 9-апрелинде К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин лидер-студенттери үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине тааныштыруу экскурсиясы уюштурулду.

Экскурсиянын негизги максаты — студенттерди өлкөнүн мыйзам чыгаруу органынын ишмердүүлүгү менен жакындан тааныштыруу, ошондой эле алардын жарандык аң-сезимин жана коомдук активдүүлүгүн арттыруу болуп саналат.

Иш-чаранын алкагында студенттер Жогорку Кеңештин иш тартиби, мыйзам кабыл алуу процесси жана депутаттардын ишмердүүлүгү тууралуу кеңири маалымат алышты. Ошондой эле алар эл өкүлү Эрулан Кокулов менен жолугушуп, ачык форматтагы баарлашууга катышышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө депутат жаштарды терең билим алууга, өзүн-өзү өнүктүрүүгө, руханий баалуулуктарды бекемдөөгө жана келечекте атаандаштыкка жөндөмдүү, кесипкөй адис болууга чакырды.

Өз кезегинде студенттер университетте түзүлгөн заманбап шарттар, билим берүүнүн сапаты жана окуу жайдын өнүгүү багыттары тууралуу маалымат беришти. Жолугушуу суроо-жооп форматында уланып, катышуучулар өздөрүн кызыктырган маселелер боюнча пикир алышты.

Иш-чаранын жыйынтыгында эл өкүлү студенттердин демилгелерин колдоп, алардын активдүүлүгүн жогору баалап, жаштарга дем-күч жана мотивация берди.

Leave a Reply