You are currently viewing КУАУда Кореядан келген эл аралык делегация менен жолугушуу болду

КУАУда Кореядан келген эл аралык делегация менен жолугушуу болду

2026-жылдын 24-мартында К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде (КУАУ) Корея Республикасынын эл аралык долбоорунун өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүлдү.

Жолугушууга долбоордун жетекчиси Dr. Ahn Dong-won, талаа иштеринин менеджери Chon Jong-young, долбоор координатору Yang Hee-seung, мониторинг жана баалоо эксперти Dr. Song Min-hyeon, ошондой эле административдик кызматкер жана айыл чарба эксперти катышты.

Делегация Кыргызстандын айыл чарба продукциясынын кошумча баа чынжырын өнүктүрүүгө багытталган долбоор тууралуу маалымат берди. Талкууланган маселелерге фермерлерди негизги айыл чарба өсүмдүктөрү – капуста, болгар калемпери, каражаң, жана жүгөрү боюнча топторго бириктирүү, кайра иштетүү комплекстерин түзүү, ошондой эле фермерлерди окутуу жана инструкторлорду даярдоо боюнча Training of Trainers (😭) программасын ишке ашыруу кирди. КУАУ окутуу, илимий колдоо көрсөтүү жана студенттерди практикалык иштерге тартуу боюнча даяр экенин билдирди.

Жолугушууга КУАУнун профессордук-окутуучулук курамы да катышты:

• Асаналиев Абдыбек Жекшеевич – айыл чарба илимдеринин доктору, профессордун милдетин аткаруучу. Адистиги: айыл чарба илимдери, агрономия.

• Баялиева Кульмира Жумабековна – өсүмдүктөрдү өстүрүү жана коргоо кафедрасынын башчысы, айыл чарба илимдеринин кандидаты, доцент. Адистиги: өсүмдүктөрдү өстүрүү жана коргоо.

• Иманалиев Алмаз Табылдыевич – токой чарба жана бакчачылык кафедрасынын башчысы, агрономия жана токой чарба факультетинин деканынын орун басары. Адистиги: токой чарба жана бакчачылык.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташуунун мындан аркы багыттары боюнча макулдашышты.

Leave a Reply