2026-жылдын 27-февралында, К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети (КУАУ) менен ОсОО «Интелмед» (СМ «Бонецкий лабораториясы») ортосунда Келишим түзүү боюнча меморандумга кол коюу аземи болуп өттү.
Меморандумга К.И. Скрябин атындагы КУАУнун ректору, академик Нургазиев Рысбек Зарылдыкович жана ОсОО «Интелмед» компаниясынын башкы директору Ашимов Чыңгыз Мусабекович кол коюшту.
Документ билим берүү жана медициналык уюмдардын ортосундагы өнөктөштүктү кеңейтүүгө, студенттердин илимий-билим берүү потенциалын өнүктүрүүгө, ошондой эле, агрардык жана медициналык багытындагы илимдин интеграциясын күчөтүүгө багытталган.
Кол коюлган меморандум тараптардын ортосунда узак мөөнөттүү жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууга багытталат.






