You are currently viewing “Агродиалог–2026”: Илим, бизнес жана мамлекетти бириктирген натыйжалуу аянтча

“Агродиалог–2026”: Илим, бизнес жана мамлекетти бириктирген натыйжалуу аянтча

2026-жылдын 18–20-февраль күндөрү К. И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарбасы жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан уюштурулган салттуу “Агродиалог–2026” республикалык форуму ийгиликтүү өттү.

Форумдун негизги максаты — илимпоздорду, агрардык сектордун адистерин, фермерлерди жана студенттерди бириктирүү, тажрыйба алмашуу, инновациялык технологияларды жайылтуу жана Кыргызстандын айыл чарба тармагын туруктуу өнүктүрүү жолдорун талкуулоо болду.

Илимий баяндамалар жана тажрыйба алмашуу

Форумдун алгачкы күнүндө чемпион-фермерлер чарбаларды өнүктүрүү, заманбап технологияларды колдонуу жана натыйжалуу башкаруу боюнча практикалык презентацияларын сунушташты. Ошондой эле университеттин студенттери климаттын өзгөрүшүнө ылайыкташкан өсүмдүктөр, багбанчылыктагы клондук ыкмалар жана биотехнологияны колдонуу аркылуу сапаттуу отургузуу материалдарын өндүрүү темаларында илимий баяндамалар менен чыгышты.

Стартаптар жана инновация

Форумдун экинчи күнү мал чарбачылыгы, биотехнология жана туруктуу айыл чарбасы боюнча мастер-класстарга жана талкууларга арналды. Айрыкча КУАУнун студенттери сунуштаган стартап долбоорлор — жаныбарларды биометрикалык мониторингдөө, асыл тукумду санариптик каттоо, жаңы тоют формулалары — фермерлер менен адистердин чоң кызыгуусун жаратты.

КУАУнун окуу иштери боюнча проректору, профессор А.Ш. Иргашев жылкы чарбасындагы ооруларды изилдөө, асыл тукум иштерин өнүктүрүү жана агротуризмдин келечеги тууралуу баяндама жасады.

Кайра иштетүү жана экспорт маселелери

Форумдун үчүнчү күнү айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү, органикалык өндүрүштү өнүктүрүү жана экспорттук потенциалды кеңейтүү маселелерине арналды. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты М.Э. Мавлянова органикалык айыл чарбасынын стратегиялык маанисин белгилеп, экологиялык коопсуздук жана ата мекендик продукциянын сапатын жогорулатууга басым жасады.

Ошондой эле студенттер тарабынан сунушталган экологиялык жактан ажыроочу акылдуу таңгак (QR-паспорту менен) аттуу стартап долбоор кайра иштетүүчүлөрдүн жана фермерлердин өзгөчө кызыгуусуна ээ болду.

Университеттин ролу

КУАУнун ректору, академик Р.З. Нургазиев жаш окумуштуулардын жана студенттердин илимий-изилдөө жана стартап демилгелерин ар тараптуу колдоп келет. Анын жетекчилиги астында университетте заманбап Стартап борбору иштеп, студенттер үчүн инновациялык долбоорлорду ишке ашырууга бардык шарттар түзүлгөн.

Жыйынтык

“Агродиалог–2026” форуму илимдин, бизнестин жана мамлекеттин күч-аракетин бириктирген маанилүү аянтча болуп, инновация жана кесипкөй кадрлар Кыргызстандын агроөнөр жай комплексинин туруктуу өнүгүшүнүн негизги фактору экенин дагы бир ирет тастыктады.

Leave a Reply