2026-жылдын 21-22-февралында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде Жасалма интеллект технлдлгияларын иштеп чыгуу.жана колдонуу боюнча II Республикалык чемпионаты өткөрүлдү. Чемпионаттын максаты – таланттуу жаштарды аныктоо жана колдоо, жасалма интеллект боюнча практикалык багыттагы иштеп чыгууларды стимулдаштыруу жана маалыматтарды талдоо, машиналык окутуу жана интеллектуалдык системалар боюнча кесиптик компетенттүүлүктөрдү өнүктүрүү. Аталган иш-чарага: К.И. Скрябиндин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин Маалыматтык технологиялар жана аралыктан билим берүү институтунун 4-студенттери: Турдубаев Арсен, Рысбеков Алишер, Эсенбеков Сыймык «UniMind» аттуу интеллектуалдык «Android-мобилдик» тиркеме иштеп чыгышты. Тиркеме Kotlin программалоо тилинде, Gemini AI технологиясын жана MVVM архитектурасын колдонуу менен түзүлгөн. UniMind лекция материалдарын жүктөөгө же смартфондун камерасы аркылуу окуу материалдарын сүрөткө тартууга мүмкүндүк берет. Жасалма интеллект алынган маалыматтардын негизинде, кыска конспект түзүп, тесттик суроолорду генерациялап, экзаменге даярдануунун жеке планын иштеп чыгат. Ошондой эле, система экзамендин датасын жана колдонуучунун билим деңгээлин анализдеп, үлгүрбөй калуу тобокелдигин баалайт.
UniMind тиркемеси кыргыз, орус жана англис тилдерин колдойт. Google-аккаунт аркылуу авторизациялоо колдонуучунун жеке профилин, материалдардын сакталышын жана окуу прогрессин көзөмөлдөөнү камсыздайт. Аталган тиркеме калыстар тобу тарабынан бааланып, авторлор билим берүү тармагында заманбап санариптик технологияларды практикага колдонууга сунуштагандыгы үчүн Сертификатка ээ болушту. Ошндой эле, Инженердик-техникалык факультетинин 3-курсунун студенти Тургунбеков Курманбек “Кыргызстандагы уйлар үчү Cow- FaceID ” аттуу стартап долбоорун презентация жасады. Аталган стартап долбоору бүгүнкү күндө актуалдуу болгондугу үчүн автор Сертификат менен сыйланды.



