2024-жылдын 11-апрелинде К.И.Скрябин атындагы КУАУде мамлекеттүүлүктүн 100 жылдыгына карата “Мамлекеттик тил-улуттун тагдыры” аттуу олимпиада өткөрүлдү.

2024-жылдын 11-апрелинде К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде мамлекеттүүлүктүн 100 жылдыгына карата жогорку окуу жайлар арасында мамлекеттик тил боюнча “Мамлекеттик тил-улуттун тагдыры” аттуу олимпиада өткөрүлдү. Олимпиадага Республиканын жогорку окуу жайларында окуган 1-2-курстардын студенттери катышты. Олимпиаданын катышуучулары кыргыз тилинин жазуу эрежелери боюнча тесттик тапшырмаларды аткарышты: 1. Кыргыз тилинин орфографиялык эрежелерин мыкты билүүсү, жазуу иштерине коюлган талаптарды аткарышы, кыргыз тилин практикалык түрдө колдоно билүүсү бааланды. 2.Алдын ала берилген тема боюнча долбоорду коргошту. Студенттин сүйлөө речинин тактыгы, илимийлүүлүгү, жеткиликтүүлүгү, долбоордун заманбап маселелерди камтыгандыгы каралды. 3.Көркөм окуу: Мекенди, тилди, достукту даңазалган ырлар (чет элдик студенттер арасында гана өткөрүлдү). Студенттин дикциясына, текстти көркөм окуу менен жеткире аткаруусуна басым коюлду. Мындан тышкары, катышуучулардын жетекчилери, келген коноктор университеттин материалдык-техникалык базасы менен таанышып чыгышты. Калыстар тобунун мүчөлөрү: Батаканова С.Т. – К.И.Скрябин атындагы КУАУнун Мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректору, п.и.д., профессор; КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын жетекетөөчү адистери: Кадырова З.Т., Сооронбаева А.А., Мадумарова Г.Ш.

Олимпиаданын жыйынтыгында жогорку окуу жайларынан студенттердин мамлекеттик тилди билүүсү бааланып, калыстар тобунун жыйынтыктары төмөндөгүдөй болуп белгиленди:

Улантуучу топтор боюнча:

  • 1-орунду К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин 3-курсунун студенти Канатбекова Айгерим;
  • 2-орунду И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын 1-курсунун студенти Садатканова Нуркыз жана Ала-Тоо эл аралык университетинин 1-курсунун студенти Азаматов Бекжан;
  • 3-орунду И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин 2-курсунун студенти Анаят Ариф Марьям ээлешти.

Баштооч топтор боюнча (чет элдик студенттер арасында):

  • 1-орунду И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекттик медицина академиясынын 1-курсунун студенти Ражпурохит Вишакха;
  • 2-орунду АДАМ университетинин (Финансы-экономика академиясы) 2-курсунун студенти Ahmad Mehmood;
  • 3-орун – К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин 1-курсунун студенти Башкова Юлия ээлешти.

Жеңүүчүлөргө жана жигердүү катышкан студенттерге Ардак Грамота жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.