Кыргызстанда көчөт жана сеянецтерди өстүрүүчү питомниктерди уюштуруу максатында төрт мамлекеттик мекеме каржылоого ээ болду. Жалпы 16 өтүнмөнүн ичинен сынактын жеңүүчүлөрү катары К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети (КУАУ), Ош токой чарбасы, «Чоң-Кемин» мамлекеттик жаратылыш паркы жана Кара-Кулжа токой чарбасы аныкталды. Сынак «Аймактык жайыт жамааттарынын туруктуулугу – АДАПТ» долбоорунун алкагында өткөрүлгөн.
2025-жылдын 19-декабрында Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде аталган төрт уюм менен гранттык келишимдерге кол коюлду. Каржылоонун жалпы суммасы 534 000 АКШ долларын түзөт.
Долбоордук документтерге ылайык, уюштурула турган төрт питомник жыл сайын дарактардын ар кандай түрлөрүнөн, анын ичинде жаңгак, мөмө-жемиш жана кооздук өсүмдүктөрүнөн 2 миллионго чейин көчөт өндүрөт. Өндүрүлгөн көчөттөр токой чарбаларына, токой пайдалануучуларга жана башка кызыкдар тараптарга жеткиликтүү болот.
Долбоордун алкагында КУАУнун окуу-тажрыйба чарбасынын 5 гектар айыл чарба жеринде заманбап питомник уюштурулат. Анда университеттин In vitro илимий-өндүрүштүк лабораториясында өстүрүлгөн ийне жалбырактуу, жалбырактуу жана мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн көчөттөрү андан ары өстүрүлөт.
Питомникти куруунун негизги максаттары:
- Бишкек шаарынын жана анын айланасынын жашылдандырылышына көмөктөшүү үчүн мэрияны ийне жалбырактуу, жалбырактуу жана кооздук дарактардын сапаттуу отургузуу материалдары менен камсыз кылуу;
- Фермерлерди сорттуу, вируссуз жана райондоштурулган мөмө-жемиш көчөттөрү менен камсыз кылуу.
Кол коюлган гранттык келишимдин алкагында КУАУга «АДАПТ» долбоорунан 11 миллион 950 миң сом бөлүнөт. Пландаштырылган иштер — аймакты тосуу, скважина бургулоо, электрлештирүү, питомникти керектүү жабдуулар менен камсыз кылуу жана башка иштер — 2026-жылдын башында башталат. Натыйжада 2026-жылдан тартып КУАУнун жаңы питомнигинде жогорку сапаттагы көчөттөрдү өстүрүү жолго коюлат.
Жаңы питомникти куруу жана аны КУАУнун In vitro илимий-өндүрүштүк лабораториясынын ишмердүүлүгү менен интеграциялоо аркылуу университет «Жашыл мурас» улуттук программасына активдүү катышат. Бул климаттын өзгөрүүсүнүн кесепеттерин жумшартууга багытталган маанилүү демилгеге олуттуу салым кошот. Ошондой эле питомниктин базасында студенттер менен фермерлер практикалык билим алышып, окумуштуулар сапаттуу жана райондоштурулган отургузуу материалдарын иштеп чыгуу боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзүшөт.



