You are currently viewing Бүткүл дүйнөлүк топурак күнүнө арналган “Таза топурак – таза шаарлар үчүн” конференциясы КНАУда өттү

Бүткүл дүйнөлүк топурак күнүнө арналган “Таза топурак – таза шаарлар үчүн” конференциясы КНАУда өттү

Бишкек, 5-декабрь 2025-жыл.
Бүгүн К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде Бүткүл дүйнөлүк топурак күнүнө арналган “Таза топурак — таза шаарлар үчүн” аталыштагы илимий конференция болуп өттү.

Иш-чараны КНАУ, Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО), Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жана академик А.М. Мамытов атындагы Кыргызстандын топурак таануучулар коому биргелешип уюштурду.

Конференцияга топурак таануу тармагынын окумуштуулары, адистер, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, окутуучулар жана студенттер катышты. Алар өлкөнүн топурак ресурстарынын учурдагы абалын, негизги көйгөйлөрүн жана аларды чечүүнүн мүмкүн болгон жолдорун талкуулашты.

Иш-чарада төмөнкү темаларга өзгөчө көңүл бурулду:

  • топурактын асылдуулугун сактоонун заманбап ыкмалары;
  • айыл чарба жерлеринин абалын баалоо;
  • климаттын өзгөрүшүнүн таасири;
  • деградацияланган топурактарды калыбына келтирүү;
  • мониторинг жүргүзүүдөгү алдыңкы тажрыйбалар;
  • жаш изилдөөчүлөрдүн ролу жана агрардык сектордогу инновациялар.

Конференциянын алкагында заманбап технологиялардын жана жаңы долбоорлордун көргөзмөсү уюштурулуп, анда ФАО Кыргызстанда ишке киргизген “Топурак докторлору” демилгеси тааныштырылды. Бул глобалдык программа дыйкандарды түшүмдүүлүктү жогорулатууга жана жаратылыш ресурстарын сактоого багытталган туруктуу топурак башкаруу ыкмаларына окутууну көздөйт.

Бүткүл дүйнөлүк топурак күнү дүйнө коомчулугунун топурактын мааниси тууралуу маалымдуулугун жогорулатууга багытталган. 2025-жылдагы кампаниянын урааны — “Таза топурак таза шаарлар үчүн”, ал урбанизация шартында топурактын ролуна жана шаардык аймактардагы экологиялык көйгөйлөргө көңүл бурат.

Leave a Reply