2025-жылдын 24-октябрында К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин Гидромелиорация, экология жана жерге жайгаштыруу факультетинин Экология жана айлана-чөйрөнү коргоо кафедрасынын улуу окутуучусу Бектурганова Бааркул Шаршенбековна
“Соң-Көл өрөөнүнүн топурагынын жана суу биотопторунун микробдук ар түрдүүлүгү” аттуу темада кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргоду.
Коргоо И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медицина академиясында 03.02.03 – микробиология адистиги боюнча Д.03.23.685 диссертациялык кеңешинде өткөрүлдү.
Илимий жетекчиси: биология илимдеринин доктору, профессор Дөөлөткелдиева Т. Д.