You are currently viewing К.И.Скрябин атындагы КУАУнун Экономика жана менеджмент факультетинде НООРУЗ майрамына карата оюн-зоок менен коштолгон иш-чара өткөрүлдү

К.И.Скрябин атындагы КУАУнун Экономика жана менеджмент факультетинде НООРУЗ майрамына карата оюн-зоок менен коштолгон иш-чара өткөрүлдү

2024-жылдын 18-мартында К.И.Скрябин атындагы КУАУнун Экономика жана менеджмент факультетинде НООРУЗ майрамына карата оюн-зоок менен коштолгон “Нооруз-адамзаттын жалпы руханий мурасы” аттуу салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Бул иш-чарага: факультеттин профессор-окутуучулар курамы, студенттер катышты. Активист студенттердин демилгеси менен даярдалган концерттик программа тартууланды, Факультеттин деканы, физика- математика илимдеринин кандидаты, доцент Ж.Т. Жумалиев Нооруз майрамы факультетте салтка айланып, кыргыздын каада-салтын камтыган иш-чара, жыл сайын уюштурулуп турарын баса белгилеп, катышуучуларды келе жаткан Нооруз майрамы менен куттуктады. Иш-чара “Тушоо кесүү” каада-салты менен уланып, студенттердин арасынан улан, кыздар чуркап, байгеге ээ болушту. Аягында, ак бата берүү менен аяктады.