2023-жылдын 27-ноябрынан тартып 11-декабрына чейин К.И. Скрябин атындагы КУАУда салтка айланып калган, “Ден-соолук-2023” спартакиадасы болуп өттү.

2023-жылдын 27-ноябрынан тартып 11-декабрына чейин К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде салтка айланып калган, университеттин профессордук-окутуучулар курамдарынын арасындагы “Ден-соолук-2023” спартакиадасы болуп өттү. Спартакиадага университеттин ректору, академик Р.З.Нургазиев, проректорлор, декандар, профессорлор, окутуучулар жана кызматкерлер катышышты.

Ар бир оюндун (шахмат, тогуз-коргоол, стол тенниси, стритбол, кичи футбол, волейбол) жыйынтыгында орун алган командалар упайларга ээ болушуп, оюндар атаандаштыкта кызуу жүрдү. Спартакиаданын жыйынтыгында күчтүү делген 3 команда алдыгы чыгып жалпы командалык эсеп менен төмөндөгү байгелүү орундарга ээ болушту.

  • 1-орунду “Администрация” командасы
  • 2-орунду Агрономия жана токой чарба факультети
  • 3-орунду Ветеринардык медицина факультети жеңип алышты.

Жеңүүчүлөр баалуу сыйлык жана грамота менен сыйланышты.

Спартакиаданын жеңүүчүлөрүн байгелүү орундары менен куттуктайбыз!