2024-жылдын 3-апрелинде К.И.Скрябин атындагы КУАУде “Бангизатка каршы күрөшүү” аттуу темада видео- роликтерди көрсөтүштү.

2024-жылдын 3-апрелинде К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде УКМКнын өкүлү Азамат Аманов, Республикалык психиатрия жана наркология борборунун ОМПН бөлүмүнүн башчысы Тинатин Сагымбаева, КР ИИМ СБНОНнун Бишкек шаардык башкармалыгынын башчысынын орун басары, милициянын майору Жоробаев Акылбек баңгизаттарды жана психоактивдүү заттарды жайылтууга жана колдонууга каршы күрөшүү боюнча маалымат берүү максатында, “Бангизатка каршы күрөшүү” аттуу презентацияларды жасашты жана видео- роликтерди көрсөтүштү. Максаты, баңги заттарына каршы күрөшүү, баңги заттардын ден соолукка жана коомго тийгизген зыяндуулугу тууралуу студенттерге маалымат берүү, баңгичиликтин алдын алууну баса белгилөө, баңгиликке каршы күрөшүүгө комплекстүү иш жүргүзүү жана алдын алуунун натыйжалуулугун жогорулатуу болду.