2024-жылдын 25-мартында КРнын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан өткөрүлгөн “Жаштар жана коопсуздук” аттуу форумга К.И.Скрябин атындагы КУАУнин лидер-активист студенттери катышышып келишти.

2024-жылдын 25-мартында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан өткөрүлгөн “Жаштар жана коопсуздук” аттуу форумга К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин лидер-активист студенттери катышышып келишти. Аталган иш-чарага: Кыргызстан жаштар конгрессинин төрагасы, Бириккен жаштар уюмунун Президенти А.Т.Шайкидинов, ар кандай тармактардын спикерлери, спорт чеберлери катышышты.

Форум экстремизмдин, терроризмдин кесепеттери тууралуу болду. Иш-чарада диний агымдар, зордук-зомбулук, эмдөөдөн өтүүнүн зарылдыгы, ден соолукту чыңдоо, спорт боюнча кызыктуу баяндамалар жана суроо-жооптор болду. Иш- чаранын максаты жаштарды туура жолго үндөө, аларды жаман жолдон, бангизаттан алыс болууга чакыруу менен бирге билимдүү, рухий дүйнөсү бийик, маданияттуу болуу керектиги тастыкталды.