КРнын Президенти С.Н. Жапаровдун жарлыгына ылайык, «Бир окуучу бир көчөт” аттуу акция К.И. Скрябин атындагы КУАУде жогорку деңгээлде жүрүүдө.

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун “2023-2025- жылдар мезгилине Улуттук тазалык күнү жана тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүүнүн иш-аракеттер планы жөнүндө” Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчиси А.У.Жапаровдун  2024-жылдын 11-мартында болуп өткөн кеңешмедеги тапшырмасын аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2024-жылдын 27-мартындагы №484/буйругуна ылайык, «Бир окуучу бир көчөт” аттуу жалпы Республикалык акция К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде жогорку деңгээлде жүрүүдө. Университеттин 2024-жылга карата айлана-чөйрөнү жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча бекитилген иш-пландарына ылайык, жазгы жашылдандыруу иш-чаралары быйылкы жылдын 24-февралында башталды.

Аталган иш-чара университеттин ректору, академик Р.З.Нургазиев тарабынан тыкыр көзөмөлгө алынып, университеттин администрациясы, профессор-окутуучулар жамааты, студенттери жана Административдик-чарба бөлүмүнүн жумушчулары жигердүү катышууда. Бүгүнкү күнгө 600дөн ашык ийне жалбырактуу жана 80ден ашуун жазы жалбырактуу бак-дарактардын көчөттөрүү отургузулду. Бардык отургузулган көчөттөр, Кыргыз улуттук агрардык университетине тийешелүү болгон питомникте

даярдалып өстүрүлгөн. Ал эми, бак-дарактардын көчөтүн отургузууга жана ишембиликтин жүрүшүндө жалпысынан 650 адам катышып, университетке тийиштүү болгон 13 га жер, 1000 м суу агуучу арыктар, К.Тыныстанов, Медеров жана Абай көчөлөрү толугу менен тазаланды.