2024-жылдын 29-мартында Эл аралык Кувейт университетинде ЖОЖдын Студенттик кеңешинин төрагалары менен жолугушуу болуп өттү.

2024-жылдын 29-мартында Эл аралык Кувейт университетинде Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары М.Т. Тагаев, ЖОЖдордун Студенттик кеңешинин төрагалары менен жолугушуу болуп өттү. Жолугушууга К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин Студенттик кеңешинин төрагасы Максатов Элхан жана орун басары Канатбекова Айгерим барып катышып келишти. Жолугушуунун максаты жаштардын ойлорун, көйгөйлөрүн угуу болду. Бул жолугушууда жаштардын адеп-ахлагы, студенттердин укуктары, маданият иш-чараларынын негизинде өткөрүлдү. М.Т.Тагаев өз сөзүндө жаштарды колдорун, студенттерге туура багыт көрсөтөрүн айтты жана жаштарды биргелике иштөөгө чакырды.