2024-жылдын 1-мартында

2024-жылдын 1-мартында Редакциялык жана илимий метрикалык анализ бөлүмүнүн башчысы Белек уулу Эсенбек Менеджмент жана агромаркетинг кафедрасынын магистранттарына “Магистердик изилдөөлөрдүн илимий-метрикалык көрсөткүчтөргө тийгизген таасири” деген темадагы лекцияны окуду. Лекцияга кафедранын мугалимдери, ошондой эле активист студенттер катышышты.Лекциянын катышуучулары Магистратура жөнүндө КУАУ жобосу менен таанышып, Илим жана илимий метрика, ORCID, макала дизайнынын мисалы жана үлгүсү, РИНЦ,SCOPUS, Web of Science базаларында статьяны даярдоодо авторлор үчүн эрежелер боюнча кеңири маалымат алышты. Редакциялык жана илимий метрикалык анализ бөлүмүнүн башчысы Белек уулу Эсенбекке магистраннтар үчүн актуалдуу болгон кеңири түшүнүктөгү маанилүү лекциясы үчүн кафедра чоң ыраазычылыгын билдирди.