2024-жылдын 14-февралында Технология жана биоресурстар факультетинин «Айыл чарба азыктарын кайра иштетүү технологиясы» багыты боюнча билим алган ТехР-1-120 группасынын студенттерине «Ундун технологиясы» аталыштагы көчмө сабак «Яшар-Групп» жоопкерчилиги чектелген ишканасында өткөрүлдү.
Көчмө сабактын башында ишкананын ишмердүүлүгү жөнүндө тегирмендин технологу Назира Раимкулова маалымат берди. Студенттер өндүрүштүн шартында аткарылып жаткан технологиялык процесстер жана жабдыктар менен таанышышты. Студенттер буудай данын кабыл алуу жана сактоонун тартибин көрүштү. Данды даярдоодогу бардык операциялардын аткарылышын технолог менен биргеликте талдашты. Майдалоочу жана сортточу жабдыктардын иштеп жаткан учурун көрүштү. Унду салдыруудагы иш аракеттердин натыйжалуугун аныктоо тартиби менен таанышышты. Тегирмендин технологу Назира Раимкулова ундун чыгуусун жогорулатуу боюнча ишкананын иш-аракети жөнүндө маалымат берди. Азыркы учурда ундун жалпы чыгуусу 80% түзөт. Көчмө сабак учурунда студенттер кызыккан суроолорун беришип, технолог менен түздөн-түз маалымат алууга жетишти.