2025-жылдын 31-октябрынан 10-ноябрьга чейин Кытай Эл Республикасынын Үрүмчү шаарындагы Синьцзян айыл чарба университетинде «Кытай менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн айыл чарба жана мал чарба тармагындагы кызматташууну тереңдетүү, региондук айыл чарба технологияларын өнүктүрүү жана туруктуу өнүгүүгө көмөктөшүү» аттуу Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн айыл чарба жана мал чарбачылыктын практикалык технологиялары боюнча экинчи комплекстүү окутуу программасы өткөрүлдү.
Иш-чарага К.И. Скрябин атындагы КУАУнун Агрономия жана токой чарба факультетинин «Өсүмдүк өстүрүүчүлүк жана өсүмдүктөрдү коргоо» кафедрасынын улуу окутуучулары катышып, докладдарды жасашты:
- Адилова Айдай – «Борбордук Азиядагы топурактын асылдуулугун жогорулатуу көйгөйлөрү жана жолдору» (англис тилинде);
- Чоробекова Динара – «Топурак сактоочу агротехнологияларды колдонуу менен Кыргыз Республикасынын тоолуу аймактарындагы топурактын асылдуулугун комплекстүү баалоо жана жогорулатуу» (орус тилинде).
Окутуучулар аталган эл аралык окуу-тренингине активдүү катышып, билим жана тажрыйба алмашууга өз салымдарын кошушту.


