2025-жылдын 24-октябрында К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин (КУАУ) ректору, академик Р.З. Нургазиев Г.А. Балян атындагы стипендиянын ээлери менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууда ректор студенттерге кайрылып мындай деди:
“Г.А. Балян атындагы стипендияга ээ болгон ар бириңер окуу жайдын үлгүлүү студенттерисиздер! Бул сыйлык — силердин үзүрлүү эмгегиңердин, тынымсыз изденүүңөрдүн жана жоопкерчиликтүү мамилеңердин натыйжасы. Ошол эле учурда бул сыйлык силерге жаңы милдет жүктөйт: билимди тереңдетип, талыкпай үйрөнгүлө. Кыргызстандын келечеги — билимдүү, адептүү жана эмгекчил жаштардын колунда. Өз элине кызмат кылуу — ар бир жарандын эң жогорку милдети.”
Профессор Г.А. Балян атындагы фонд 2011-жылдан бери жыл сайын окуудагы жогорку жетишкендиктери үчүн 15 студентке ай сайын 5000 сом өлчөмүндө стипендия ыйгарып келет.
Быйыл фонд тарабынан 20 студентке стипендия берилди. Алар окууда мыкты көрсөткүчтөргө ээ болуп гана тим болбостон, коомдук иштерге, республикалык олимпиадаларга, илимий долбоорлорго, конкурстарга, эл аралык жана республикалык студенттик илимий-практикалык конференцияларга активдүү катышкан жана чет тилдерин билген студенттер болуп саналат.




