Menu
Кадрлар бөлүмү
Должностные инструкции ППС КНАУ
Инструкция по делопроизводству КНАУ
Положение о подборе кадров и прием на работу ППС КНАУ
Положение о порядке проведения аттестации ППС КНАУ
Положение о порядке замещения должностей ППС КНАУ
Положение о повышении квалификации
Бөлүмдүн негизги милдеттери: кадрларды тандоо, жайгаштыруу жана пайдалануу боюнча иштерди жүргүзүү; туруктуу иштеген эмгек жамаатын түзүү; кадрлар резервин түзүү; кадрларды эсепке алуу тутумун уюштуруу; укуктук жана юридикалык колдоо; аскер кызматчыларын эсепке алуу жана брондоо; кызматкерлердин социалдык жактан жана эмгек укуктарын корголушун камсыз кылуу; ченемдик укуктук актыларды, буйруктарды ж.б. долбоорлорун даярдоого катышуу; Университеттин ишмердүүлүгүндө мыйзамдардын сакталышын камсыз кылуу; Университеттин ишмердүүлүгүнүн документтерин камсыздоо; Университеттин мүлктүк жана башка мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо; анын түзүмдүк бөлүмдөрүндө иш жүргүзүүнүн бирдиктүү тутумун уюштуруу; ченемдик укуктук базаны иштеп чыгуу; келип түшкөн корреспонденцияларды кабыл алуу, эсепке алуу, жөнөтүү; архивдик документтерди - справкаларды кабыл алуу, эсепке алуу, сактоо жана берүү; Университеттин түзүмдүк бөлүмдөрүн справка-маалымат менен тейлөө.
Бөлүм 4 сегментти камтыйт: кадрлар бөлүмү, жалпы бөлүм, архив жана 2-бөлүм .
Максаттары жана милдеттери:
- ченемдик документтерди сабаттуу колдонуу;
- документ жүгүртүүнүн ылдамдыгы;
- катасыз иштөө;
- консультациялык колдоо;
- профессионалдык этика.
Кадр кызматынын кызматкеринин түзүүчүлөрү:
билим – маалыматты билүү жана туура колдонуу;
көндүм– билимди колдонуу; мотивация – күч-аракетти жумшоого даяр болуу;
компетенттүүлүк – колдонуудагы мыйзамдарга ылайык жумушту аткаруу үчүн көндүмдөрдү колдоно билүү.