You are currently viewing Академиялык мобилдүүлүк алкагында Ташкент мамлекеттик агрардык университетинде окуу иштери ийгиликтүү жүргүзүлдү

Академиялык мобилдүүлүк алкагында Ташкент мамлекеттик агрардык университетинде окуу иштери ийгиликтүү жүргүзүлдү

2026-жылдын 9-мартынан 20-мартына чейин К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин Агрономия жана токой чарба факультетинин «Агрономия» жана «Өсүмдүктөрдү коргоо» профилдери боюнча 2-курсунун студенттери академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында Ташкент мамлекеттик агрардык университетинде билим алышты.

Аталган мезгил ичинде студенттер үчүн теориялык сабактар жана лабораториялык-практикалык иштер жогорку деңгээлде уюштурулуп, заманбап окутуу методдору колдонулду. Окуу процесси студенттердин кесиптик билимдерин тереңдетүүгө, практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жана эл аралык тажрыйба алмашууга багытталды.

Мобилдүүлүк программасынын жүрүшүндө студенттер университеттин окуу-тажрыйба чарбалары, питомниктери жана илимий лабораториялары менен кеңири таанышышты. Ошондой эле аларга өсүмдүк өстүрүү, агрохимия, топурак таануу жана өсүмдүктөрдү коргоо багыттарындагы заманбап технологиялар боюнча маалыматтар берилди.

Аталган программага К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин окутуучулары да активдүү катышышты. Атап айтканда, Агрономия жана токой чарба факультетинин Топурак таануу, агрохимия жана дыйканчылык кафедрасынын профессордун милдетин аткаруучу Орозакунова Роза Турсуновна жана Өсүмдүк өстүрүүчүлүк жана өсүмдүктөрдү коргоо кафедрасынын ага окутуучусу Чоробекова Динара Чоробековна 2026-жылдын 9-мартынан 20-мартына чейин Ташкент мамлекеттик агрардык университетинде академиялык мобилдүүлүк алкагында окуу жана усулдук иштерди жүргүзүштү.

Окутуучулар өз багыттары боюнча лекцияларды окуп, тажрыйба алмашуу иштерине катышып, илимий-педагогикалык байланыштарды чыңдоого салым кошушту. Бул кызматташтык эки жогорку окуу жайдын ортосундагы билим берүү, илим жана инновация багытындагы алакаларды мындан ары да өнүктүрүүгө негиз түзөт.

Жыйынтыгында, академиялык мобилдүүлүк программасы студенттер менен окутуучулардын кесиптик деңгээлин жогорулатууга, эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана заманбап билим берүү тажрыйбасын өздөштүрүүгө чоң мүмкүнчүлүк берди.

Leave a Reply