You are currently viewing КУАУнун үч стартап долбоору «Студенттик стартап» республикалык конкурсунда жеңишке жетишти

КУАУнун үч стартап долбоору «Студенттик стартап» республикалык конкурсунда жеңишке жетишти

Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Инновациялык борбор мамлекеттик мекемеси КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы №128 «Студенттик стартап» пилоттук программасы жөнүндө токтомуна ылайык, жаштардын ишкердигин өнүктүрүүгө дем берүү жана жогорку окуу жайларда инновациялык бизнес-идеяларды ишке ашырууга колдоо көрсөтүү максатында «Студенттик стартап» республикалык конкурсун уюштурду.

Конкурстун жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи 2026-жылдын 10-мартында Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Инновациялык борборунда өткөрүлдү.

Конкурстун жыйынтыгында К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин үч стартап долбоору жеңишке жетишип, каржылык колдоого ээ болушту.

Жеңүүчү долбоорлор:

1. «Картошканын ар түрдүү вируссуз, жогорку түшүмдүү сортторунун уруктарын жана көчөттөрүн иштеп чыгуу жана өндүрүү»
Авторлор: Бейшембекова Саадат (магистрант), Асанбекова Канышай, Дүйшөнбаева Жазгүл – Технология жана биоресурстар факультети, 3-курс.
Илимий жетекчиси: биология илимдеринин кандидаты Нурманов Чынгыз.
Жеңген каражат: 1 000 000 сом.

2. «AgroScan KG»
Автору: Самаганов Белек – Агрономия жана токой чарба факультети, 3-курс.
Илимий жетекчилери: доцент Мамбетов К.Б., улуу окутуучу Сапарбек кызы Уултай.
Жеңген каражат: 1 640 000 сом.

3. «Breeding App»
Автору: Турдубаев Арсен – Маалыматтык системалар жана аралыктан билим берүү институту, 4-курс.
Илимий жетекчиси: экономика илимдеринин доктору Умарова М.У.
Жеңген каражат: 1 019 667 сом.

Бул жеңиш университеттин студенттеринин илимий-инновациялык потенциалынын жогору экендигин жана стартап долбоорлорду ишке ашырууга болгон кызыгуусун дагы бир жолу тастыктайт.

Leave a Reply