You are currently viewing КУАУнун айымдарына арналган майрамдык кече өткөрүлдү

КУАУнун айымдарына арналган майрамдык кече өткөрүлдү

        2026-жылдын 6-мартында К. И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде 8-март аялдардардын эл аралык күнүнө карата салтанат өткөрүлдү. Иш-чарада  КУАУнун ректору, академик Нургазиев  Р.З.  куттуктоо сөз сүйлөдү. Ректор   аялдардын эл аралык күнүн негиздөө идеясы Клара Цеткин тарабынан сунушталганына, 1910-жылы Даниянын Копенгаген шаарында өткөн Эл аралык аял жумушчулардын конференциясында Клара Цеткин бардык өлкөлөрдө аялдардын укуктарын коргоо максатында атайын күн белгилөөнү сунуштагандыгын,  бул сунушту көптөгөн өлкөлөрдүн өкүлдөрү колдоп, кийинчерээк бул күн дүйнө жүзүндө белгилене баштагандыгына токтолду. Аялдардын эл аралык күнү биринчи жолу 1911-жылы Германия, Австрия, Дания жана Швейцария мамлекеттеринде белгиленген. Ал күнү ар кандай жыйындар, митингдер жана иш-чаралар өткөрүлүп, аялдардын укуктары тууралуу маселелер көтөрүлгөн.  1917-жылы Россияда аял жумушчулар “Нан жана тынчтык” деген ураан менен чоң демонстрацияга чыгышкан. Бул окуя кийинчерээк февраль революциясынын башталышына себеп болгон. Ошол окуядан кийин 8-март күнү аялдардын эл аралык майрамы катары белгилене баштагандына токтолду.

        Ошондой эле  аялзатындагы, энедеги баалуулуктарды белгилеп,  аялдар үйдүн куту, коомдун тиреги, эмгек жамааттын  көркү жана күчү  экендигин баса белгиледи. Ошону менен бирге, университеттин ийгиликтерине, алдынкы жетишкендиктерине профессор-окутуучу айымдардын салымы зор экендигин тастыктады.

      Соңунда, студенттердин күчү менен даярдалган жогорку деңгээлдеги концерттик программа  тартууланды.  

Leave a Reply