You are currently viewing КНАУнун «Vibe Coding» хакатону: IT таланттарды өнүктүрүү жана студенттик инновацияларды колдоо

КНАУнун «Vibe Coding» хакатону: IT таланттарды өнүктүрүү жана студенттик инновацияларды колдоо

2026-жылдын 24-февралында К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин Маалыматтык системалар жана аралыктан билим берүү институтунун алдындагы Маалыматтык технологиялар орто кесиптик билим берүү бөлүмүндө «Vibe Coding» аттуу хакатон   болуп өттү.

   Аталган иш-чара IT тармагындагы билимди тереңдетүүгө жана IT тармагына кызыктууруга, практикалык көндүмдөрдү өнүктүрүүгө, теориялык билимди практига айландырууга жана студенттердин чыгармачылык потенциалын ачууга, инновациялык долбоорлорду  жаратууга,  келечекте чоң IT хакатондорго багыт берүү максатын көздөдү.   Студенттер кыска убакыт ичинде өз идеяларын иштеп чыгып, заманбап программалоо ыкмаларын колдонуу менен мыкты долбоорлорду сунуштай алышты. Vibe Coding – бул жөн гана мелдеш эмес, IT багытында баа жеткис тажрыйба жана командалык иштөө маданиятын чыңдоочу платформа болду.

Иш-чарага 6 тайпалардан  турган студенттер активдүү катышышты:

Жыйынтыгында мыкты командалар аныкталды:

🥇 Биринчи орун — ПОВТиАС-1-24 тайпасынын Inspiration командасы.

🥈 Экинчи орун — ПОВТиАС-3-24 тайпасынын Nomad Apps командасы.

🥉 Үчүнчү орун — ПОВТиАС-1-25 тайпасынын Sanarip Muras командасы.

Иш-чаранын жогорку деңгээлде өтүшүнө бөлүмдүн төмөнкү студеннтери чоң салым кошушту:

  • Асылбеков Ринат
  • Асанбекова Карина
  • Кушбаков Султан
  • Алманбетова Акылзат

Алардын демилгеси жана уюштуруучулук жөндөмү менен иш-чара мазмундуу, кызыктуу жана технологиялык жаңычылдыкка бай болду.

Мындай иш-чаралар студенттерди келечектеги атаандаштыкка жөндөмдүү IT адис катары даярдоодо чоң мааниге ээ.

              Иш-чарабздын демөөрчүлөрү:

  • Codify IT-Студиясы 10 сертификат 2000 с
  • Aiacademy 10% сертификат эки даана 5% сертификат үч даана
  • GEEKS IT-Студиясы 20% Сертификат үч даана 50% Сертификат үч даана

70% Сертификат үч даана

Leave a Reply