You are currently viewing “Агродиалог-2026” форумунун жыйынтыгы жана КНАУнун студенттери менен профессорлорунун презентациялары

“Агродиалог-2026” форумунун жыйынтыгы жана КНАУнун студенттери менен профессорлорунун презентациялары

      2026-жылдын 24-февралында : К.И. Скрябиндин атындагы  Кыргыз улуттук агрардык университетинин Окумуштуулар кеңешинде “Агродиалог-2026” форумунун жыйынтыгы чыгарылды, негизги максаты – тажрыйба алмашуу, жаңы технологияларды киргизүү жана Кыргызстандын айыл чарба тармагын өнүктүрүү. Университеттин ректору, академик Р.З. Нургазиев билим берүү процессин модернизациялоо жана илимий жана инновациялык ишмердүүлүктү өнүктүрүүгө багытталган демилгелерге токтолду. Илимий-изилдөө инфраструктураны өнүктүрүү, жаш окумуштууларды колдоо жана практикага багытталган билим берүү чөйрөсүн түзүү негизги артыкчылык экендигин белгиледи.   “Агродиалог-2026” форуму илимдин, бизнестин жана мамлекеттин күч-аракетин бириктирүү үчүн натыйжалуу аянтчага айландыгын, инновация жана кесипкөй адистер өлкөнүн агроөнөр жай комплексинин туруктуу өнүгүшүнүн негизи экенин тастыктады. Соңунда, жогорку деңгээлде жасалган презентациялардын авторлоруна жана илимий жетекчилерине  акчалай сыйлык берүү тууралуу буругу окулду.   

        КУАУнун окуу иштери боюнча прорекору, ветеринария илимдеринин доктору, профессор А.Ш. Иргашев «Жылкылардын ылаңдарын изилдөө: көйгөйлөр жана келечеги»” деген темада баяндама жасады. Профессор өз сөзүндө таза кандуу жылкы чарбасын өнүктүрүүнүн, асыл тукум иштерин жакшыртуунун, продукцияны өндүрүүнүн жана кайра иштетүүнүн, ошондой эле, ат спортун жана агротуризмди кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. КУАУнун Технология жана биоресурстар факультетинин деканы, ветеринария илимдеринин доктору, профессор Б.К. Акназаров   баяндамасында  айыл чарба азыктарын кайра иштетүү жана экспорттоо үчүн жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоонун маанилүү ролун баса белгиледи. Агрономия жана токой чарба факультетинин 3-курсунун студенттери:и Э.А. Турдубеков, Самаганов Белек “Нокот климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашкан өсүмдүк катары”  (илимий жетекчиси: а-ч.и.д., пофессор Асаналиев А.Ж.) аттуу темада презентация  жасап,    презентациясында нокоттун   кургакчылыкка жана    температуранын өзгөрүшүнө туруктуу өсүмдүк катары артыкчылыктары көрсөтүлду. Агрономия жана токой чарба факультетинин 3-курсунун студенти Эрнис кызы Акбермет “Багбанчылыкта клондук талааларды  көбөйтүүнүн жолдору жана артыкчылыктары” (илимий жетекчиси: а-ч.и.д., профессор: Тургунбаев К.Т.)  аттуу баяндамасында температуранын өзгөрүшүнө туруктуу өсүмдүк катары артыкчылыктарын белгиледи. Технология жана биоресурстар факультетинин   магистранты Саадат Бейшенбекова, аталган факультеттин 3-курсунун студенттери: Асанбекова Канышай Дүйшөнбаева Жазгул “Жогорку сапаттагы картошка отургузуучу материалды өндүрүү үчүн  заманбап биотехнологияны колдонуу“(илимий жетекчиси: б.и.к. Нурманов Ч.А.)  деген темада презентация жасады. Презентациялар форумдун катышуучуларынын арасында  кызыгууну жана активдүү талкууну жаратты. Форумдун катышуучуларын  КУАУ студенттеринин Start-Up долбоорлорун сунуштаган презентацияларына өзгөчө кызыгышты: Инженердик-техникалык факультетинин 4-курсунун студенти  Диана Талгарбек кызы, аталган факультеттин 3-курсунун студенти Нурбекова Жамал “Cow-ID: Биометрикалык мониторинг IA” долбоору (илимий жетекчиси: улуу окутуучу: Жаныбекова Б.), Маалыматтык системалар жана аралыктан билим берүү институтунун 4-курсунун студенти Арсен Турдубаев “Асыл тукум колдонмосу” – жаныбарларды каттоо жана акылдуу түрдө көбөйтүү үчүн санариптик система” (илимий жетекчиси: э.и.д. Умарова М.) Технология жана биоресурстар факультетинин 3-курсунун студенти Алия Төлөмүшева “Бодо малдын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн жаңы тоют формулалары” (илимий жетекчиси: а-ч.и.д., профессор Деркембаев С.М.),  Инженердик-техникалык факультеттин 3-курсунун студенти Курманбек Тургунбеков “Эко-пакет. Жаңылык көрсөткүчү жана QR азыктын паспорту бар акылдуу биологиялык жактан ажыроочу таңгак” (илимий жетекчиси:т.и.д., профессор Темирбеков Ж.Т.) аттуу  презентациялары дыйкандардын жана тармактын адистеринин чоң кызыгуусун жаратты.  

Leave a Reply