2025-жылдын 11-ноябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында Илим күнүнө арналган “Билим берүү менен өндүрүштү интеграциялоодо илимдин ролу” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүлдү.
Иш-чарага К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин ректору, академик Нургазиев Р.З. катышып, “Азык-түлүк жана биологиялык коопсуздукту камсыз кылууда биотехнологиянын ролу” аттуу илимий баяндама жасады. Докладда төмөнкү негизги маселелер белгиленди:
- климаттын өзгөрүшү,
- жер ресурстарынын деградациясы,
- калктын өсүшү,
- биологиялык коопсуздукка байланыштуу чакырыктар.
Академик Нургазиев белгилегендей, бул чакырыктар биотехнология тармагында үзгүлтүксүз жана системалуу чечимдерди талап кылат. Ал биотехнология өлкөнүн азык-түлүк, экологиялык жана биологиялык коопсуздугун камсыз кылууда борбордук звено болуп каларын, илим–билим–өндүрүш үчилтигин бириктирүү зарылдыгын баса белгиледи.
Илимий көргөзмө
Конференциянын алкагында КУАУ окумуштууларынын илимий долбоорлору жана иштелмелери коюлду. Өзгөчө кызыгуу жараткан:
✅ “In Vitro” лабораториясы,
— малинанын ар кандай сортторунун,
— декоративдик жана ийне жалбырактуу өсүмдүктөрдүн,
— картошканын вируссуз үрөн көчөттөрүн өстүрүү технологиялары.
Ошондой эле, лаборатория кызматкерлери тарабынан иштелип чыккан инновациялык материалдар көрсөтүлдү:
- патогендерди аныктоочу ПЦР комплекттер,
- РНК/ДНКны бөлүп алуу үчүн комплекттер,
- “Direct” шафран уруктары жана башка биотехнологиялык продуктылар.
Сыйлыктар
Конференциянын жыйынтыгында илимий салымы үчүн:
🏅 А.Ш. Иргашев — ветеринария илимдеринин доктору, проректор — КР Улуттук илимдер академиясынын медалы менен сыйланды.
🏅 Г.К. Садырова — филология илимдеринин кандидаты, бөлүм башчысы — КР Улуттук илимдер академиясынын Ардак грамотасы менен сыйланды.
Стартап долбоорлорунун жеңиши
К.И.Скрябин атындагы КУАУнун студенттери жана жаш окумуштууларынын эки стартап долбоору жеңишке ээ болду:
1-орун — “In Vitro” картошканын вируссуз көчөттөрүн жана үрөндөрүн өндүрүү долбоору
Авторлору:
- Бейшенбекова Саадат
- Асанбекова Канышай
- Дүйшенбаева Жазгүл
Илимий жетекчи: б.и.к. Нурманов Ч.А.
2-орун — “Туруктуу өнүгүү жана жашыл технологиялар тармагындагы мыкты чечим” стартап долбоору
Авторлору:
- Шербакунова Жасмин
- Сааданова Айдана
- Сабырбек кызы Айдана
Илимий жетекчи: б.и.к. Ахмеджанов М.А.







