You are currently viewing Жаңы муун – жаңы үмүт: 1-курс студенттерине арналган салтанат

Жаңы муун – жаңы үмүт: 1-курс студенттерине арналган салтанат

2025-жылдын 30-октябрында К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин “1-курстун студенттерине арноо” аттуу салтанаттуу иш-чарасы Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өткөрүлдү.

Салтанатка Кыргыз улуттук агрардык университетинин ректору, академик Нургазиев Р.З., Г.А. Балян атындагы фонддун директору, «Карвен Спорт Клуб» ЖЧКсынын башкы директору, айыл чарба илимдеринин кандидаты Балян С.А., ошондой эле проректорлор, түзүмдөрдүн жетекчилери, декандар, директорлор, профессор-окутуучулар жана студенттер катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө КУАУнун ректору академик Нургазиев Р.З. куттуктоо сөзүн сүйлөп, университет 90 жылдан ашуун тарыхында белгилүү илимпоздорду жана чыгаан мамлекеттик ишмерлерди даярдаганын баса белгиледи. Алардын катарында дүйнөгө таанымал жазуучу Чыңгыз Айтматов, Эмгектин үч жолку Баатыры Таштанбек Акматов, коомдук жана мамлекеттик ишмер Арстанбек Дүйшеев, Султан Ибраимов, академиктер, эл жазуучулары, эл акындары жана өлкө өнүгүүсүнө чоң салым кошкон башка да көрүнүктүү адамдар бар экенин айтты.

Ректор жаштарга кайрылып:
“Билимдүү, руханий дүйнөңөр бай, адеп-ахлактуу, маданияттуу, жоопкерчиликтүү, эмгекчил, мекенчил болсоңор, сөзсүз максатыңарга жетесиңер, инсандар катары калыптанасыңар”, – деп белгиледи.

2011-жылдан тартып жыл сайын окуудагы мыкты жетишкендиктери үчүн профессор Г.А. Балян атындагы фонд тарабынан 15 студентке ай сайын 5000 сом өлчөмүндө стипендия ыйгарылып келген. Быйыл фонд тарабынан окууда жана коомдук иштерде, олимпиадаларда, эл аралык жана республикалык конференцияларда активдүү катышкан, долбоор жана илимий иштерде ийгилик көрсөткөн, чет тилдерин билген 20 студентке стипендия тапшырылды.

Иш-чаранын соңунда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын артисттери жана Кыргыз улуттук агрардык университетинин студенттери тарабынан концерттик программа тартууланды.

Leave a Reply