Бүгүнкү КУАУ

Бүгүнкү күндө университет республиканын беш негизги жогорку окуу жайларынын катарына кирди. КУАУ республиканын экономикасынын айыл чарба сектору үчүн жогорку жана орто квалификациядагы илимий-педагогикалык кадрларды даярдоону камсыз кылып келет. Учурда университетте 6 факультет жана 1 институт (Агрономия жана токой чарба факультети, Инженердик-технологиялык факультети, Гидромелиорация, экология жана жерге жайгаштыруу факультети, Ветеринария жана биотехнология факультети, Айыл чарба азыктарын өндүрүү жана кайра иштетүү технологиясы факультети, Экономика жана менеджмент факультети, Маалыматтык системалар жана аралыктан билим берүү институту), 31 кафедра, 4 колледж (Техникалык-экономикалык колледж, С.Ибраев атындагы Агротехникалык колледж, Токмок колледжи, С.Турсунов атындагы Бишкек агроэкономикалык колледжи), Сокулук районундагы Окуу-тажрыйба чарбасы жана Ветеринария илим-изилдөө институту кирет. Университетте 6 миңден ашык студент билим алууда, алардын ичинен, 23 адистик боюнча бакалаврда, 17 адистик боюнча магистратурада билим алышууда. Окуу процессине штаттык 275 профессор-окутуучулар тартылган, анын ичинен 34 илимдин доктору жана 106 илимдин кандидаты.

Наши факультеты

ФАиЛХ
ИТФ
ФЭиМ
ИИСиДО
ФТПП/СХП
ФГЭиЗУ
ФВМиБ