You are currently viewing КУАУда киберкоопсуздук боюнча иш-чара өткөрүлдү

КУАУда киберкоопсуздук боюнча иш-чара өткөрүлдү

2026-жылдын 27-мартында К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин Инженердик-техникалык факультетинде профессор-окутуучулардын жана студенттердин катышуусунда “Киберкоопсуздук: санариптик дүйнөдө курман болбоо үчүн эмне кылуу керек?” аттуу иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чаранын алкагында Колдонмо механика, физика жана инженердик педагогика кафедрасынын башчысы Карасартов У.Э. катышуучуларга презентация жасап, актуалдуу маалыматтар менен бөлүштү.

Презентация учурунда Кыргызстанда кибералдамчылыктын 60%дан ашыгы жаштарга тиешелүү экени белгиленип, мындай кылмыштар боюнча жабырлануучулардын жана шектүүлөрдүн басымдуу бөлүгүн 25 жашка чейинки жаштар жана улгайган жарандар түзөрү айтылды.

Ошондой эле студенттерге өздөрүн коргоо жолдору түшүндүрүлүп, Кыргызстанда кеңири тараган кибералдамчылык түрлөрү катары төмөнкүлөр белгиленди:
– телефон жана мессенджерлер аркылуу алдамчылык;
– фишинг;
– аккаунттарды хакерлик жол менен бузуу;
– жалган брокерлер.

Коопсуздукту камсыз кылуу максатында ар бир социалдык тармак үчүн кеминде 12 белгиден турган уникалдуу сыр сөздөрдү колдонуу жана эки факторлуу текшерүүнү (2FA) иштетүү сунушталды.

Жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын киберкоопсуздук стратегиясы тууралуу маалымат берилип, кибергигиенанын мааниси баса белгиленди. Кибергигиена – бул санариптик мейкиндикте коопсуз жүрүм-турумду камсыз кылууга багытталган эрежелердин жана тажрыйбалардын жыйындысы экени белгиленди.

Leave a Reply