2026-жылдын 25–28-март күндөрү К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетине Жапониянын Шимоносеки шаардык университетинин делегациясы иш сапары менен келди.
Делегациянын курамында профессорлор Хидео Като, Такааки Сочи жана Каори Оно болушту.
Иш сапардын алкагында университеттин жетекчилиги жана окутуучулары менен жолугушуулар өткөрүлүп, эки тараптуу кызматташтыктын негизги багыттары талкууланды. Анын ичинде академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү, тажрыйба алмашуу жана илимий-билим берүү тармагындагы өз ара аракеттенүүнү чыңдоо маселелери каралды.
Ошондой эле Кыргыз-Жапон илим-билим борборунун алкагында жапон тилин окутууну өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Белгилей кетсек, келген профессорлордун ичинен Кодзи Козоно жана Каори Оно КУАУда жапон тили боюнча сабак өтүүнү пландаштырууда.
Мындан тышкары, жапон тилин үйрөнүп жаткан студенттер менен жолугушуу уюштурулуп, алардын Жапонияда билим алуусуна болгон мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Бул иш сапар Кыргызстан менен Жапониянын ортосундагы эл аралык кызматташтыкты бекемдөөгө жана академиялык байланыштарды өнүктүрүүгө маанилүү салым кошту.



