2026-жылдын 1-февралында К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин Инженердик-техникалык факультетинин “Кесиптик окутуу” багытынын 3-курсунун ПОб-1-23 группасынын студенттери жана ага окутуучулар – Ж.Т. Исмаилова, Д.З. Рыскулова академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында Өзбекстан Республикасынын Ташкент химия-технология институтуна иш сапар менен барып келишти.
Бул сапардын негизги максаты – студенттердин билим деңгээлин жогорулатуу, тажрыйба алмашуу, ошондой эле кесиптик даярдоонун заманбап ыкмалары менен таанышуу болду. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер институттун окуу процесси, лабораториялык базасы жана инновациялык технологияларды колдонуу тажрыйбасы менен кеңири таанышышты.
Мындай академиялык мобилдүүлүк программалары студенттер үчүн чоң мүмкүнчүлүк түзүп, алардын кесиптик компетенцияларын өнүктүрүүгө жана эл аралык билим берүү байланыштарын бекемдөөгө өбөлгө түзөт.






