You are currently viewing КНАУ студенти Президент Садыр Жапаровдун “Улут деми – Уңгу жол” китебинин бет ачар аземинде илимий баяндама жасады

КНАУ студенти Президент Садыр Жапаровдун “Улут деми – Уңгу жол” китебинин бет ачар аземинде илимий баяндама жасады

2025-жылдын 7-октябрында Улуттук илимдер академиясынын конференц-залында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун “Улут деми – Уңгу жол (Тандалган сөздөр)” аттуу китебинин бет ачар аземи өткөрүлдү. Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси Арслан Койчиев ачып, “Кыргыз Туусу” гезитинин башкы редактору Алмаз Кулматов китепти чыгаруу идеясы, максаты жана мазмуну тууралуу маалымат берди. Кыргыз Республикасынын Баатыры Миталип Мамытов жана башка мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин катарында К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин Инженердик-техникалык факультетинин 4-курсунун студенти, Борбордук Азия өлкөлөр аралык студенттер конкурсунун жеңүүчүсү Талгартбек кызы Диана КР Президенти Садыр Жапаровдун “Улут деми – Унгу жол (Тандалган сөздөр)” китеби боюнча илимий баяндама жасады. Китептин мазмуну абдан бай болгондуктан, тышкы саясий аренадагы биздин өлкөнүн демилгелерди көтөргөнүнө күбө болгондугуна, жалпы адамзатты ойлонтуп жаткан оор көйгөйлөрдү чечүү боюнча Кыргызстандын сунуштарын ушул китептен даана билгендигине, абдан сыймыктангандыгын белгиледи. Аталган китептеги экономика, социалдык саясат, улуттук долбоорлор тууралуу Президенттин сөздөрү башкы булак катары кызмат кыларына ишеним көрсөткөндүгүн, китептеги тарыхый окуялар, кыргыз элине кызмат кылган улуу инсандар жөнүндө кенен баяндар, алардын өмүр жолу жаш муундарга өрнөк, сабагы баалуу экенин тастыктады. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун “Улут деми – Уңгу жол (Тандалган сөздөр)” аттуу китеби саясатчылар, мамлекеттик кызматкерлер гана эмес, көптөгөн окурмандарга, илимий иш менен алектенген окумуштууларга, студенттерге пайдалуу экендигин далилдеди.

Leave a Reply